Тибет кечили 170 баланы багууда

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Тибет кечили 2010-жылдагы жер титирөөдөн кийин 33 жетимди багып алган. Азыркы учурда ал асыраган балдардын саны 170ке жеткен. Лама Лобсан, адегенде, жер титирөөдөн жабыркаган балдарды убактылуу кароого алган эле.

“Бара-бара балдардын саны көбөйдү”, - дейт ал. Кечил айрымдары тоголок жетим, калгандары жарым-жартылай жетим калган балдарга өз үйүндөгүдөй шарттарды түзүп берүүнү каалаганын айтууда. Тибеттик кечил Би-Би-Сиге төмөнкүдөй пикирлерин айткан:

- Менин атым Лама Лобсан. Мен кечилмин. Ченбоалин монастырына карайм. Ошону менен бирге балдар үйүн уюштургамын. 2010-жылдагы жер титирөөдө 33 жетимди багым алган элем. Көп өтпөй бизге келген балдардын саны көбөйдү. Азыркы учурда 170 баланы багабыз. Биз аларды тамак-аш менен эле камсыз кылбастан, саламаттыгын чыңдап, билим берүүгө аракет кылып жатабыз.

Бул үйдү диний лекцияларды окуп тапкан акчама жана тилектештерим, досторумдун кайырымдуулук акча-каражаттарына курдум.

Мынча көп баланы багуу абдан кымбат. Чыгымдар жыл сайын өсүп жатат. Биз жардамга муктажбыз. Өкмөт жардам берет деп үмүттөнөм. Бул балдар биздин келечегибиз. Бул балдардын айрымдары тоголок жетим. Абдан жакыр үй-бүлөдөн чыккандары бар. Бул жетимкана же мектеп эмес. Мен аларга үй шартын түзүп бергим келет. Бул балдар менин “ата” дешет. Мен аларды “балдарым” деп айтам.