Обама: Путин начар стратег, Орусияга анын залакасы тийүүдө

Сүрөттүн автордук укугу AP

АКШнын президенти Барак Обама Си-Эн-Эн телекомпаниясына берген маегинде Украинанын чыгышындагы чыр-чатактар «Орусиянын атынан Путин кабыл алып жаткан жаман чечимдердин күбөсү» болуп саналат деп айтты.

АКШнын президенти «Крымдын аннексиясы Орусияга пайда эмес, кайра оор жоготууларды алып келет» деп дагы бир жолу баса белгиледи.

Америкалык лидердин пикиринде соңку жылда Путин жакшы ойлонулбаган жана чаржайыт чечимдерди кабыл алды, анткени Украинада өткөн жылы кышындагы окуялар ал үчүн күтүүсүз болду.

"Путин Крым боюнча чечимди кандайдыр бир чоң стратегиялык план менен кабыл алган жок, анткени Майдандагы каршылыктар жана биздин ортомчулугубуз менен Украинанын өткөөл учуру жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин Януковичтин качып кетиши ал үчүн күтүүсүз болду», - деди Барак Обама.

Барак Обама америкалык телекөрсөтүүгө сүйлөгөн сөзүндө ошондой эле Орусиянын лидери Вашингтондун сунуштарын укпай жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, Орусиянын аскердик машинасынын көлөмүн жана Украина НАТОнун мүчөсү эмес экенин эске алганда, АКШ үчүн чатакты аскердик жол менен чечүүгө чектөөлөр бар.

"Биз дипломатиялык кысым гана көрсөтө алабыз. Орусия менен согуш баштоо АКШ жана дүйнө үчүн акылдуу иш болбойт", - деди Барак Обама.

Барак Обама Украинанын чыгышындагы жикчилдер Орусиядан «акча каражатын, курал-жаракты жана аскердик инструкторлорду алып жатат» деген айыптоо сөзүн дагы кайталады жана «украина кризисин дипломатиялык жол менен чечүү Орусиянын кызыкчылыгына жооп берет» деген ишарат Кремль жактан боло электигин белгиледи.