Аида Салянова: "Керээз катымды жазып койдум"

Сүрөттүн автордук укугу b

Мурдакы башкы прокурор Аида Салянова президент Атамбаевден саясий колдоо болбой калган үчүн кызматынан кеткенин жана ага азыр коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын билдирди.

Аида Салянова баш прокурор кызматынан кеткенден кийин биринчи жолу басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүнүн кызматтан кеткен себептерин айтып берди.

"Прокурорлор үчүн саясий колдоо, анын ичинде президенттин өзүнүн колдоосу абдан маанилүү нерсе. Ишти эффективдүү алып барыш үчүн ушундай колдоо керек. Президент менен башкы прокурордун ортосунда ишенимге негизделген мамиле болушу керек. Бир убакта мен ошондой колдоону, ошондой мамилени сезбей калдым. Андай колдоо болбогондон кийин коррупция менен күрөшүүнү жөн эле иммитация кылуунун кажети жок",-деди Аида Салянова.

Мурдакы башкы прокурор аны менен президенттин ортосунда от жагып, саясий интригаларды президентке жакын кишилер жасаганын билдирди. Алардын ичинен президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин "бул ишке эң аз тиешеси бар" деп айтты.

Аида Салянова ал баш прокурор кызматынан кетип, аны кайтарган мамлекеттик сакчылар алынгандан кийин ага коркутуп үркүтүүлөр болуп жатканын да билдирди.

"Азыр өзүбүздүн күчүбүз менен сактанып жатабыз. Коркутуп-үркүтүүлөрдүн күчөшү ушундан улам болуп жатабы, айта албайм. Бирок коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Ал түгүл мен керээз катымды жазып, катып коюшка туура келди. Коркутуп-үркүтүүлөр мага эле эмес, менин үй-бүлө мүчөлөрүмө чейин болуп жатат. Мен өзүмдү жана үй-бүлөмдү мүмкүн болгон каражаттар менен коргойм",-деди Аида Салянова.

Президент Атамбаев жаңы жылдын алдында берген маалымат жыйынында Аида Салянованын баш прокурор кызматындагы ишмердигин жогору баалап, андан кийин аны «Манас» ордени менен сыйлаган жарлыгын чыгарган. Бирок Салянованын бүгүнкү сөзүнө караганда сыйлыкты тапшыруу үчүн аны эч ким расмий түрдө чакырбаптыр.

Мурдакы баш прокурор ошондой эле анын жолдошуна кылмыш иш козголгону тууралуу маалыматтарды төгүндөп, жолдошу улуттук коопсуздук комитетине күбө катары гана барып сурак бергенин айта кетти.

Байкоочулардын баамында, бийлик быйыл күздө боло турган парламенттик шайлоонун алдында коррупциялык иштерди чукуп, кырдаалды курчуткусу келбеген үчүн баш прокурор кызматына башка киши коюп, башкача саясат жүргүзүүгө умтулуп жатышы мүмкүн.

"Мындан ары мындай катаал иштеген баш прокурордун президентке кереги жок. Эми мамлекетке дипломат, баардыгын жайгара турган, эптеп-септеп иштеген баш прокурордун заманы келди", -деди ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков.

2011-жылы баш прокурор болуп дайындалган Аида Салянова чоң кызматтагы адамдардан тайманбай кылмыш иштерин козгогондугу менен коомчулуктун оозуна алынды. Жалпылап айтканда 12 депутатка, 4 министрге, 10 судьяга жана бир катар губернатор, аким жана мэрлерге коррупциялык иштер боюнча жана кызматынан кыянат пайдаланды деген негизде иштер козголду. Алардын ичинен ЖКнын депутаты Нариман Түлеев он бир жылга кесилди. ЖКнын мурдакы төрагасы Акматбек Келдибековду иштери тергелип бүтүп сотко ашты.

Аида Салянова ага сунуш кылынган кызматтардын баарынан баш тартканын, күзүндө боло турган парламенттик шайлоого катышарын бүгүн ырастады. Саясий эксперт Марс Сариевдин айтымында, Аида Салянованын азыркы бийик аброю саясий иште абдан ийгиликтүү болушу мүмкүн: "Чын эле азыр карапайым элде Салянованын аброю абдан бийик, азыр аны менен каалаган саясий комбинацияны жасаса болот".

Айтмакчы, Аида Салянова баш прокурор болуп турганда коррупция боюнча оор күнөөлөр коюлган ЖКнын мурдакы төрагасы Акматбек Келдибеков Кыргызстанда кайтып келгени белгилүү болду. Сот ага ден-соолугуна байланыштуу чет өлкөгө барып дарыланууга уруксат берген. Кыргызстанда аны иши жабылмайынча кайтып келбейт деп жатышкан.