Си Цзиньпин АКШга биринчи жолу расмий сапар менен барат

Сүрөттүн автордук укугу AP

Кытайдын лидери Си Цзиньпин сентябрда АКШга расмий сапар менен бара турганын Кытайдын маалымат каражаттары кабарлады.

Бул жаңылык Кытайдын төрагасы менен АКШнын президенти Барак Обаманын телефондогу сүйлөшүүлөрүнөн кийин болуп отурат.

Синхуа агенттигинин билдиргенине караганда, Си Цзиньпин америкалык президенттин чакырыгын кабыл алды.

2013-жылы июнда эки өлкөнүн лидерлери Калифорнияда бейформал түрдө жолугушкан эле.

АКШ менен Кытай - дүйнөнүн эң ири экономикасын кармап турган өлкөлөр - бир топ маселелерде кызматташып келатышат, бирок эки ортодо чечилбей келаткан да маселе көп, анын ичинде кибер тыңчылык маселесинде бир бүтүм табыла элек.