"Аль-Жазиранын" эки журналисти түрмөдөн чыкты

Сүрөттүн автордук укугу AP

"Аль-Джазира" телеканалынын эки журналистин сот күрөө кепилдиги менен түрмөдөн бошотту.

Мохамед Фахми менен Бахер Мохамед жана алардын австралиялык кесиптеши, Би-Би-Синин мурдакы кызматкери Питер Гресте менен бирге жалган маалыматтарды таратып, өлкөдө тыюу салынган "Агайын-мусулмандар" партиясына жардам берген деп айыпталып, өткөн жылы июнда сот чечими менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөттө түрмөгө түшкөн. Бул өкүм дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө нааразылык туудурган.

Бирок сот өкүмү 1-январда апелляциялык сот тарабынан жокко чыгарылды. Ошондон кийин ишти кайра башынан кароо керек болууда. Эми "Ал-Жазиранын" эки журналисти сот иштери бүткүчө полициянын көзөмөлүндо болот.

Ал эми Питер Гресте өткөн жумада чет элдик жаран катары бошотулуп, өзүнүн өлкөсүнө чыгарылып жиберилген.