Назарбаев "акыркы шайлоосуна" аттанабы?

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Нурсултан Назарбаев 25 жылдан бери Казакстанды башкарып келет. Фото: Getty

Казакстанда "Нур Отан" партиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгесин колдоп чыкты. Партиянын дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө "дүйнөдө каржы-экономикалык кризис кулач жайып баратканда Казакстанга биримдик, туруктуулук жана ынтымак керек" деп айтылат.

14-февралда Казакстан эл ассамблеясынын кеңеши кийинки жылга белгиленген президенттик шайлоону быйыл өткөрүү демилгесин көтөрүп, аны кеңештин мүчөлөрү бир добуштан колдогон.

Казакстанды кеминде 25 жылдан бери башкарып келаткан 74 жаштагы Нурсултан Назарбаев буга чейинки шайлоолордо чоң көрсөткүч менен жеңип чыкканы маалым. Эл аралык демократиячыл уюмдар болсо шайлоо өнөктүгү эркин жүрбөгөнүн сындап келишет.

Би-Би-Си казакстандык саясат таануучу, политология илимдеринин кандитаты Досым Сатпаевди кепке тартып, алгач соңку демилгеге себеп болгон жагдайларды сурады.

Досым Сатпаев: 1995-жылдан бери Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоолор көп болгон. Керек болсо 2011-жылдын апрелиндеги президенттик шайлоо да мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн. Казакстандын саясатында бул уникалдуу же өзгөчө бир демилге эмес. Бул демилгенин себебин расмий түрдө терс маанайдагы тышкы жана ички факторлорго байланыштырып жатышат. Алардын арасында пост-советтик чөлкөмдөгү геосаясий маселелер, бир гана Украина эмес, Афганстандагы кырдаал, Казакстандын өзүндөгү экономикалык маселелер бар.

Бирок менимче, бул себептер “манжадан соруп чыгарылгандай”. Анткени шайлоо мурда белгиленгендей, 2016-жылы өткөндө деле Назарбаев мурдагы шайлоодогудан аз добуш алып калмак деп ойлобойм. Ал 2011-жылы добуштардын 95 пайызын алган. Анткени административдик, маалыматтык ресурстар абдан активдүү колдонулган.

Менимче, бул демилге Казакстанда жана Борбордук Азияда шайлоо процесси "демократиялык" делген бир оюнга айланганын айгинелеп турат. Байкашымча, бул шайлоо эрте өтүп жатканы үчүн эмес, өлкөнүн азыркы президентти үчүн акыркы шайлоо болуп калуу ыктымалдуулугу үчүн маанилүү. Назарбаев жаңы президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин бийликти өткөрүп берүү механизмин колго алат деп жоромолдоого болот. Анткени бул көптөн бери күтүлүп келет.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Алматыдагы президентке арналган баннер.

Кубат Касымбеков: Бул Нурсултан Назарбаевдин акыркы президенттик жарышы болот деп айтууга сизде кандай негиздер бар?

Досым Сатпаев: Биздин элита азыркы президенттин Совет Союзундагы баш катчыларга окшоп, көзү өткөнгө чейин бийликте турушун каалайт. Бирок бул Казакстан үчүн тобокелчилик экенин баары билет.

Биз Түркмөнстан эмеспиз. Казакстанда президенттин күтүүсүз дүйнө салышы жоромолдоп айтуу кыйын болгон саясий жагдайларга, элитанын карама-каршылыгына себеп болушу мүмкүн.

Түрмөнстанда мурдагы президент Сапармурад Ниязов элитаны сүрүп чыккандыктан күчтүү оюнчулар дээрлик калган эмес. Казакстанда болсо андай оюнчулар көп. Андыктан узак мөөнөттүү туруктуулукту эске алганда, Назарбаевдин мураскорун даярдашы элита үчүн да, коом үчүн да пайдалуу болмок.

Анын үстүнө Назарбаевдин "эл башы" наамы бар. Бул макам Назарбаевдин президент болбосо да, системага көз салган адамга айланышына мүмкүнчүлүк берет. Андыктан Назарбаев же конкреттүү бир адамды, же саясий институттарды даярдашы мүмкүн.

Кубат Касымбеков: Казакстанда Назарбаевден кийин бийликти мурастап калышы мүмкүн болгон кайсы ысымдарды атай аласыз?

Досым Сатпаев: Казакстанда ыктымал талапкерлердин кыскача тизмеси көптөн бери эле бар. Бул тизме президенттин үй-бүлөсүнөн, күйөө баласы Тимур Кулибаев жана кызы Даригадан тарта эски гвардиянын өкүлдөрүнө чейин уланат.

Ал эми оппозицияны алсак, соңку жылдардагы сүрүп чыгаруудан кийин оппозицияда эч ким деле калган жок. Мурдагы оппозициячыл лидерлер саясаттан кеткенин жарыялашты. Азырынча жаңы оппозиция да көрүнбөйт.

Андыктан талапкер биринчи кезекте мамлекет башчысынын айланасынан куралышы мүмкүн. Азырынча өтө айырмаланган фаворит адам жок.

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Орус президенти Владимир Путин жана "эл башчысы" Нурсултан Назарбаев.

Кубат Касымбеков: Эл аралык уюмдар Казакстанда шайлоо эркин өтпөгөнүн сынга алып, адам укуктары тууралуу маселени да козгоп келишет. Коңшу өлкөдөгү айрым байкоочулар болсо Назарбаевдин тушунда өлкөдө жок дегенде туруктуулук өкүм сүрүүдө дешет. Азыр Казакстандын өзүндө Назарбаев канчалык популярдуу?

Досым Сатпаев: Коомчулук арасында Назарбаевдин колдоочулары бар. Өзгөчө этникалык топтордун өкүлдөрү аны колдошот. Анткени Назарбаев өлкөдөгү улуттар аралык тең салмактын гаранты болуп келет.

Элитанын арасында да президентке чакырык таштаган эч бир адам жок. Бирөө-жарым пайда болгон күндө да элитанын колдоосуна ээ болмок эмес. Анткени элита өз мүлкүнүн кызыкчылыгын ойлоп, Назарбаевдин узак убакытка президент бойдон турушун каалайт.

Ал эми "ашкананын ичинде" аны сындагандар бар. Бирок алар да оппозиция жоктугунан анын ордун басчу адамдарды көрө алышпайт.

АКШ, Евробиримдик, Орусия жана Кытай өңдүү эл аралык оюнчулар да Казакстандын демократиялык өнүгүүсүндөгү демагогияга карабастан Назарбаевдин бийликте турушун каалашат. Анткени Борбор Азиядагы негизги өлкөлөрдүн биринде туруктуулук болушу керек. Мунун баары Назарбаевге ылайыктуу шарт түзүп берүүдө.

Кубат Касымбеков: Эми Казакстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо демилгеси боюнча Назарбаевдин өзү кандай үн катат болду экен? Ал катышам дейби?

Досым Сатпаев: Эми анын реакциясы кандай болоору кызыктуу. Анткени буга чейин президент айрым демилгелерге вето койгон учурлар болгон. Мисалы 2011-жылы президенттин ыйгарым укуктарын 2020-жылга чейин узартуу демилгесине каршы пикирин билдирген. Андыктан тарыхта Назарбаев өзүн демократ катары көрсөтүү аракеттери болгон. Кантсе да, анын бул шайлоого катышуусу актуалдуу болот.

Your contact details
Disclaimer