Касперский: кибер кылмышкерлердин карактоосу

Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Касперскийдин айтымында, ар бир карактоо эки айдан төрт айга чейин созулуп, ар бир жолу 10 млн. доллар уурдалып турган

Компьютердик системалардын коопсуздугун камсыз кылган Касперский компаниясынын айтымында, 2013-жылдан берки кибер чабуулдардан финансы уюмдары жана банктар миллиард доллар уурдаткан.

Бул кылмыштуу топко орусиялык, украина жана кытайлык хакерлер кирет деп билдирет компания.

Касперскийдин лабараториясы иликтөөнүн жүрүшүндө Интерпол жана Европол менен кызматташкан. Чабуулдар Орусия, АКШ, Германия, Китай, Украинажана Канадада жайгашкан финансы уюмдары жана банктарга жасалган.

Касперский кылмышкерлер колдонгон ыкмалар, кибер көз боемочулуктун жаңы деңгээлге өскөнүнөн кабар берет деп айтууда. Кылмыштуу топ финансы уюмдарынын компьютерлерине вирус койо берип, кызматкерлердин экранын көрө алышкан. Бул жол аркылуу алар акча каражаттарын башка эсепке, айрым учурда банкоматтарга которуп алып турушкан.

Касперскийдин айтымында, ар бир карактоо эки айдан төрт айга чейин созулуп, ар бир жолу 10 млн. доллар уурдалып турган.