Украинада ок атышпоо режими күчүнө кирди

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Дебальцевонун айланасында үстөкө-босток аткылашуу болгону Антитеррордук операциянын «Фейсбуктагы» баракчасында айтылат.

Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу режими ар кандай «жергиликтүү маанидеги инциденттерге» карабастан «негизинен аткарылууда». Бул жөнүндө француз президентинин канцеляриясынан кабарлашты.

Франция лидери Франсуа Олланд Германия, Украина жана Россиянын лидерлери менен телефондон Украинадагы кырдаал тууралуу сүйлөшкөн.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча таркатылган билдирүүдө Олланд, Ангела Меркель, Петрo Порошенко жана Владимир Путин ок атышууну токтотуу режимин бузууга алып келип жаткан көрүнүштөр жана себептер тез арада жоюлушу керек деген бүтүмгө келишкени айтылат.

Украинанын чыгышындагы ок атышууну токтотуу келишими 15-февралга караган түнү күчүнө кирди.

Бирок Донбасстагы украин аскерлеринин атайын операциясынын пресс-кызматы жарашуунун биринчи күнү эле алардын позициясына алтымыштан ашык аткылоо болгонун билдирди. Айрыкча Дебальцевонун айланасында үстөкө-босток аткылашуу болгону Антитеррордук операциянын «Фейсбуктагы» баракчасында айтылат.

Ошол эле учурда өзүн «Донецк элдик республикасы» атап алган күчтөрдүн штабы өзүнүн билдирүүсүндө жекшембиде украин аскерлери аларды көздөй 16 жолу ок атышканын белгилейт.