Асад жана Сириядагы атуулдук согуш

Сүрөттүн автордук укугу .

Сириянын президенти Асад өлкөдөгү атуулдук согуш жөнүндө эмне деп ойлойт? Ал жалганчыбы же өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарын коргогон лидерби?

Сириядагы атуулдук согуштун башталганына бешинчи жылга таяп баратат. Президент Башар Асад өз өлкөсүндөгү кризис үчүн кандайдыр бир жоопкерчилик сезеби?

Башар Асад мага эмне үчүн чындыкка дал келбеген нерселерди айтып жатканы таң калтырат. Аны менен Дамаскта жолугушуп, Би-Би-Сиге интервью алганымда эмне үчүн Сирия армиясы козголоңчулар жана жөнөкөй тургундар жашаган аймактарга баррель бомбасын колдонуп жатат деп сураган элем.

Асад мындай маалыматты четке кагып, акылга сыйбаган жоромол деп мүнөздөгөн болчу. Чындыгында, баррель бомбалары колдонулуп жатканын далилдеген көптөгөн видеолор бар. Алардын айрымдарын Би-Би-Си сайттарынан дагы көрүүгө болот.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service
Image caption Доума калаасындагы жардыруу

Андан тышыкары, бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө мындай көрүнүштөр бар экени тастыкталып жатат. Айрым жардыруулардын кесепеттерин мен дагы өз көзүм менен көргөмүн. Алардын бири Дамасктын четиндеги Доума калаасында болгон. Бомба түшкөн жерде көчөнүн эки тарабындагы көп кабаттуу имараттар кыйрап калган. Баррель бомбасы жардырылганда, адатта бутага тийбейт, тегерек четин кыйроого алып келет.

Асад козголоңчулар өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарга кол салып, жөнөкөй атуулдарды өлтүрүп жатышканын айтууда. Андан тышкары, ал согушта адам өлбөй койбойт деп эсептейт. Мунун бардыгы туура. Бирок, эл аралык гуманитардык мыйзамдар боюнча согушка катышпаган тараптар ар дайым коргоодо болушу керек.

Балким, Асад баррель бомбалары жөнүндө айткан сөздөрүн Би-Би-Сиден тышкары Сирия телеканалы аркылуу көрсөтүлүүчү ички аудиторияга ылайыктаган болушу ыктымал. Балким, Сириядан башка өлкөлөрдө анын сөзүнө ишенишеби же же жокпу - ага баары бир чыгаар. Асад абдан сылык жана ачык сүйлөгөн адам.

Балким, ал өз сөздөрүнө өзү чын дилден ишенээр. Балким, анын генералдары жөнөкөй адамдарга тийген жокпуз дешип, алардын сөздөрүнө ишенип алгандыр. Же жөн гана жалган айтып жатабы? Мунун бардыгы жоромолдор.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service
Image caption Хафез аль-Асад, аялы Аниса, балдары (солдон оңго) Махир, Башар, Басил, Мажид жана Бушра

Башар 2000-жылы президенттик кызматты атасы Хафез аль-Асаддан мурастап калган. Ошондон бери дипломаттар жана журналисттер анын ички сырын ачууга аракет кылып келишет. Соңку 15 жыл ичинде эң көп берилген соболдордун бири – Башар Асад чыны менен эле өлкөнү өзү башкарабы? – деген суроо.

Башардын алгачкы президенттик жылдары абдан татаал болгон. Анын атасы таасирдүү жана ырайымсыз киши эле. Жакыр үй-бүлөдөн туулган, аскерий авиацияда кызмат өтөгөн, андан соң Баас партиясына кошулган. 1963-жылы аскерий төңкөрүшкө катышкан. 1970-жылы болсо, өлкөнү башкарып калган.

Франциянын колониялдык башкаруусунан бошонгондон бери Сирияда кырдаал олку-соку болуп, төңкөрүштүн артынан төңкөрүштү баштан өткөргөн. Хафез аль-Асад өлөр алдында бийликти өз уулуна өткөрүп берүүгө шарт түзгөн.

Бирок, бул кызматка Башардын улуу агасы Басил келиши мүмкүн эле. Ал атасынын сүймөнчүгүнө айланып, жеке коопсуздугун көзөмөлдөгөн аскер адамы болчу. Басил 1994-жылы жол кырсыгынан каза болгон.

Башар андан айырмаланып кесиби боюнча врач. Андыктан, бийликке жаңы келгенде агасынынын жана атасынын көлөкөсүнөн чыга алган эмес.

Image caption Башар Асаддын Би-Би-Си кабарчысы Жереми Боуэнге интервью берип жаткан учуру

Аскерий жетекчиликтин арасындагы колдоосуз Башар Асад президенттик кызматка олтура албайт эле. Андыктан, алгачкы жылдары Башар өлкөнү өзү башкарып жатабы, же чечимдердин бардыгын анын атасынын достору кабыл алабы деген сөздөр тараган.

Башар реформалар жөнүндө сүйлөп, мурдагы жетекчилерден айырмаланууну каалагандай туюлган. Батыш лидерлери аны менен достошууга аракет кылышкан. Тони Блэр Башарга рыцарь наамын берүүнү сунуштаган. Бирок, президент Асад Израилге каршы позициясынан кайтпай, анын душмандарын колдоого алган эле.

Менимче, Башар өз ишин белет. Сирия Асаддын үй-бүлөлүк бизнесине айланган. Ал өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү жана досторунун сөзүнөн чыкпай башкарууну өздөштүргөн.

Андан тышкары, Башар Асад өз өлкөсүн куткаруу үчүн согушуп жатам деп терең ишенет. Аны тышкы дүйнөнүн пикирлери анчейин кызыктырбайт.