Греция Еврозонанын финансылык жардам программасын узартууга көнбөй койду

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Грециянын финансы министри Янис Варуфакис Евробиримдик менен болгон сүйлөшүүлөрдө өзүнүн катаӊ позициясында кала берүүдө.

Еврозонадагы финансы министрлери дүйшөмбүдө болгон сүйлөшүүлөрдө Грецияга кризистен чыгуу үчүн финансылык жардам программасын узартууну сунуш кылышты.

Бул сунуш боюнча Грецияга финансылык жардам жөнүндө келишимдин мөөнөтүн мурдакы эле шарттарда жарым жылга узартуу каралган. Греция бул сунушту чечкиндүү четке какты.

Греция жана анын европалык кредиторлору бул өлкөгө берилип жаткан кредиттердин шарттарын кантип жеӊилдетүү маселесинде туюкка кабылышты.

Жаӊы грек өкмөтү берилип жаткан кредиттердин азыркы шарттарынан толугу менен баш тартып, финансылык жардамдын жаӊы программасын макулдашкысы келип жатат.

Жакында бийликке келген өкмөт азыркы кредиттик программанын авторлорун өлкөгө катаӊ бюджеттик үнөмдөө режимин таӊуулаган деп күнөөлөп чыккан. Грецияда бийликке келген солчул партия «Сириза» шайлоо алдындагы убадаларында азыркы кредиттик программадан кутулуп, кредиторлор менен мамилени радикалдуу түрдө карап чыгарын билдирген.

Грециянын кредиторлору азыркы финансылык жардам программасы узартылышы керек деп билдирип жатышат, анткени эки жакты теӊ алымсындырган чечимди иштеп чыкканга чейин да бир топ убакыт кетет.

Бирок Грециянын финансы министри Янис Варуфакис Евробиримдик менен болгон сүйлөшүүлөрдө өзүнүн катаӊ позициясында кала берүүдө.

Дүйшөмбүдө сүйлөшүүлөрдөн кийин сүйлөгөн сөзүндө Нидерландынын финансы министри тараптар жума күнү кайрадан жолугуп сүйлөшүшү мүмкүн деп айтты. Бирок, анын айтымында, бул грек тараптын чечимине жараша болот.

Германия менен Франция өз кезегинде мурда кол коюлган келишимдерди кара карап чыкканды каалабай тургандыктарын билдиришкен, ошондуктан финансы министрлеринин Греция менен болгон сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү болоруна ишеним анча чоӊ болгон эмес.

Грецияга азыркы финансылык жардам программасынын мөөнөтү февраль айынын аягында бүтөт.