«Боко харам» Нигериядагы шайлоого жолтоо болобу?

Сүрөттүн автордук укугу AFP

«Боко харам» террористтик группасынын лидери Абубакир Шекау Нигерияда өтө турган шайлоого жолтоо болоорун айтып чыкты.

Аталган экстремисттик топтун видео кайрылуусу «Твиттерге» жарыяланды. Алардын буга чейинки видеолорунун сапаты начар болгон жана DVD форматында таратылган эле.

Нигерияда бул аптада болгон жардырууда кыркка жакын киши каза болду. Нигериянын аскер күчтөрү эксремисттик топко каршы күрөшүн улантууда.

Боко Харам тобу 5 жыл мурда ислам мамлекетин түзүү үчүн аскерий операцияларын Нигериянын тундүк тарабында баштаган. Бирок өлкөнүн түндүк тарабында армия жергиликтүү тургундарды коргой албай жатканы анык. Дүйнө коомчулугу экстремисттик топтун коркунучу бардыгын мойнуна алса да, азырынча ага каршы турууга жетиштүү көмөк көрсөткөн жок.