«Ислам мамлекети» менен болгон согуш сандар тилинде

Сүрөттүн автордук укугу AP

«Ислам мамлекети» аталган жихадчыл күчтөргө каршы алты айдын ичинде абадан урулган соккулардан эмне натыйжа болду? Бул жерде көрсөтүлгөн алты графикада согушка тартылган күчтөр жана чыгымдар эсептелген.

«Ислам мамлекетин» жок кылуу үчүн 60 мамлекет биригип түзгөн коалициянын “Кебелбес чечкиндүүлүк” операциялары 2014-жылы 8-августта Иракта, кийинки айда Сирияда ИМ объектилерине абадан сокку уруу менен башталды.

Ошого карабастан «Ислам мамлекетинин» күчтөрү Багдаддын түндүгүндөгү дамбага кол салып, ошондой эле Ливияда египеттик христиан-коптордун башы алынганы тартылган видеону таркатышты.

Биз «Ислам мамлекетине» каршы согуштук операциялар кандай жүрүп жатканын баяндаган сандык маалыматтарды сунуш кылабыз.

Согушкерлердин аскердик күчү жөнүндө маалыматтар ар башка, бирок Ирак менен Сирияга көптөгөн согушкерлер жихадка катышуу үчүн башка өлкөлөрдөн барганы белгилүү.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service

Бул азыркы учурда «Ислам мамлекети» тарабынан көзөмөлдөнүп турган аймак.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service

Коалиция Иракта «ИМ»ден 700 квадрат км аянтты бошотуп алды. Бул «Ислам мамлекети» басып алган аймактын аянтынын бир пайызын түзөт.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service

Согуштук чыгымдар

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service

АКШнын Коргоо министрлиги 2015-жылдын 9-январына карата согуштук чыгымдар жалпысынан $ 1,3 млрд болгонун эсептеп чыкты, бир суткада кеткен чыгымдын наркы $ 8,3 млн. Бирок бул Иракта, Афганистанда жана Пакистанда болгон согуштук чыгымдарга караганда аз эле көрүнөт.

Согуштагы адамдык жоготуулар

Согушта болгон адам курмандыктары жөнүндө чынында эле такталган маалыматтар жок - БУУ бир жыл мурда Сирияда курман болгондорду саноо абдан кыйын экенин билдирип, аны эсептебей калган.

Согуш качан бүтөөрүн болжоп да айтуу кыйын. АКШнын генералы Джон Аллен айткандай, бул согуш «муундан муунга өткөн» кандуу калаба болуп калды.

Бул өнөктүк канчалык натыйжалуу болду?

6,000

Согушкер Ирак жана Сирияда өлтүрүлдү

1,200

Согушкер Кобане үчүн кармашта мерт болду

  • 200 мунай-газ борборлору бүлгүнгө учурады

  • 1,000 коргонуу очоктору жок кылынды

  • 700 чарчы чакырымдык Ирак аймагы "ИМ" тобунан алынды

Getty

"ИМ" тобуна каршы коалиция

60

өлкө катышууда

14

мамлекет аба чабуулдарын жасап жатат

  • 2.000 чабуул 2015-жылдын февраль айына чейин жасалып бүттү

  • 10 чабуул бир күнгө туура келет

Depto. Defesa EUA