Каримов "калк алдына" чыкты

Image caption Обого чыккан программадан бир көрүнүш.

Өзбекстандын мамлекет башчысы Ислам Каримовдун президенттик шайлоонун алдында партиянын курултайындагы сөзүн мамлекеттик телеканал көрсөттү.

Каримов 6-февралда Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынын жыйынына катышкан. Бирок президенттин андагы сөзүн “Өзбекстандын биринчи телеканалы” 18-февралдагы атайын чыгарылышында гана обого чыгарды.

Телепрограммада айтылгандай, курултайдын катышуучулары өлкөнү эгемендик алгандан бери башкарып келе жаткан Ислам Каримовду 29-мартта өтө турган президенттик шайлоого бир добуштан талапкер катары көрсөттү.

“Советтер союзу ураганы жакшы болду. Эмне үчүн? Анткени СССР - тоталитаристтик жана репрессиялык система болгон. Башынан аягына чейин бул система жалган нерсеге негизделген. Эми биздин балдар интернеттен чындыкты үйрөнүп жатат”,-деп айтты Ислам Каримов.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Ал азыркы муун мындайды башынан өткөрбөсүн, бактылуу өмүр сүрсүн деп кошумчалады.

“Биз чындыгында балдарыбызды ойготтук. 96-97-жылдары таалим-тарбия тармагын реформа кылганыбыз билим деңгээлди ушунчалык көтөрдү. Кечээки мектепте окуп жаткан балдарды бүгүн колледже окуган балдарга салыштыруу мүмкүнбү деп силерден сурасам, бардыгыңыздар, 100 пайыз, булар бири-бирине тең боло албайт деп айтасыздар. Колледже окуп жаткан балдар сөзсүз түрдө жаңычыл ойлонушат деп айтсам туура болобу?”,-деп айткан Каримовду курултайдын катышуучулары кол чаап колдоп турушту.

Ислам Каримов февраль айынын башынан бери коомчулук алдына чыга элек болчу. Оппозициялык басылмалар президент олуттуу илдетке чалдыкканын жазып чыгышкан. Алар алигиче Каримовдун абалы оор экенин белгилеп келишет.

Ислам Каримовдун эл алдына чыгып сүйлөгөн сөзү телеканалдан биринчи жолу кеч көрсөтүлүп жатат.

Өзбекстандагы президенттик шайлоого Каримов менен кошо дагы үч талапкер ат салышууда. Байкоочулар алардын арасында учурдагы президентке чакырык таштаган талапкерлер жок дешет.