Эркектер эмнеге зордуктоого барат?

Профессор Сахика Юксел
Image caption Профессор Сахика Юксел

Түркияда соңку күндөрү аялдардын укуктарын коргоону талап кылган нааразылык акциялары күч алды. Буга өткөн аптада 20 жаштагы студент кыздын өлтүрүлүшү түрткү болгон.

Жаш кызды автобустун айдоочусу зордуктоого аракет кылып өлтүргөн деп божомолдонууда. Полиция Өзгежан Асландын күйүп кеткен денесин өткөн жума күнү Мерсин шаарында тапкан эле.

Апта соңунда массалык нааразылык акциялары Түркиянын көптөгөн аймактарында орун алган. Ал эми интернет форумдарда кыздын аты 3 миллион 300 миң ирет эскерилди. Ошону менен бирге социалдык тармактар зордуктоого кабылган аялдарды өз башынан өткөнүн айтып берүүгө шыктандырышууда.

Би-Би-Си Стамбулдагы алдыңкы психиатр, профессор Сахика Юкселди кепке тартып, эмне үчүн айрым эркектер аялдарды зордуктоого барат? – деп сураган.

Image caption Полиция Өзгежан Асландын күйүп кеткен денесин өткөн жума күнү Мерсин шаарында тапкан эле. Апта соңунда массалык нааразылык акциялары Түркиянын көптөгөн аймактарында орун алган.

Сахика Юксел: Эмне үчүн эркектер зордуктоого барат? Алардын гормоналдык муктаждыктары ушуга алып барат деген түшүнүк, албетте, жаңылыш. Баардык эле киши көчөдө бараткан бирөөнү зордуктай бербейт. Зордукчул эркектер муну жашыруун жерде, элдин көзүнөн далдаа жерде кылгысы келет. Зордуктоо бул сексуалдык байланыш эмес, бул кол салуу. Бирөөгө карата күч колдонуу. Аялдар мына ушундай көрүнүштүн курмандыгы. Айрым адамдар муну өзүнүн жеңиши катары баалап, андан ырахат алышы мүмкүн. Зордуктоо эң бир жийиркеничтүү аракет. Бирок, эркектердин аялга көрсөткөн кордугу муну менен эле чектелбейт. Андан тышкары психологиялык, финансылык, укуктук жактан кысым көрсөтүүнү да зордуктоонун туру деп айтсак болот.

Суроо: Зордуктоого барган адамдын бала кезде алган тарбиясы дагы буга таасир этиши мүмкүнбү?

Сахика Юксел: Эркек үстөмдүк кылган, энеси атасына башкача мамиледе болуп, кара күчкө баш ийген үй-бүлөдө балдар ошондой болуп калышы ыктымал. Энени көрүп балдары тарбия алат. Айрыкча, энесине карата зордук-зомбулукту көрүп өскөн кыз балдар өздөрү дагы кийин үй-бүлөлүү болгондо ошондой эле зордук-зомбулукка кабылышат. Балдар деле ошону кылат. Келечекте өздөрүнүн жубайларына кол көтөрүүгө барат. Балдар менен кыздар атасынын энесине кылган масилесине карай тарбия алат.

Мындай көрүнүштөр дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө кездешет. Бирок, буга каршы күрөшүү жагына келгенде айырмачылыктар бар. Мисалы, Түркияда эркектерге караганда аялдарга берилген билим төмөнүрөөк. Анан саясатчылар да эркек менен аялдар тең укуктуу эмес деп көп айтышат.

Суроо: Өзүнүн кемчилигин сезип, жардам сураган эркектерге кандай мамиле кылыш керек деп ойлойсуз?

Сахика Юксел: Өз жоопкерчилигин өзү моюнуна албаган адамдарга жардам берүү кыйын. Зордуктоого барып, анан кармалып калгандан кийин “эми оңолом” деп айткандарга ишенбеш керек. Кылмыш болгонго чейин өзүн токтотуп калган адамдар өтө аз.

Мындай эркектерди абак жазасын өтөп жатканда реабилитациалоого же түзөтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок, Түркияда буга шарт жок. Түзөтүү долбоорлорун дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө колдонушат. Айрыкча, зордуктоого барган жаш адамдарды оңдоп кетүү ыктымалдыгы чоң.

Андан тышкары, ар бир чуулгандуу кабар чыккан сайын зордукчуларды өлүм жазасына тартуу же бычып салуу демилгелери көтөрүлүп жүрөт. Муну мен адамдарды тынчытуу үчүн гана айтылган сөздөр деп эсептейм. Өлүм жазасын колдонгон АКШда деле кылмыштуулук азайып калган жок. Андыктан, маселенин өзөгү өч алууда эмес, коомдогу сексуалдык зордук-зомбулукту азайытууда жатат.

Суроо: Зордукка кабылган аялдар башынан өткөнүн ачык айтып чыкса эмне болот?

Сахика Юксел: Жаныстык байланыш темаларын айтууга тыюу салынган, никесиз мамилелер айыпталган коомдо зордуктоо окуялары дээрлик жабык бойдон калат. Зордуктаган киши мунун жакшы билет. Андыктан, ал аялды дос-туугандарыңа абийириңди төгөм деп коркутат. Мындайда шантаж кылган учурлар да болот.

Зордукталган аял, албетте, мыйзамдуу жолдорго барышы керек. Башынан өткөнүн жакын досторуна айтып, психологиялык жана социалдык колдоо алышы абзел. Сексуалдык зомбулук көргөн аял бул маселени жашырып коюу аркылуу эч нерсеге жете албайт.

Зордуктоонун зыяндары бойго бүтүүгө же ар кандай жыныстык оорулардын жугушуна алып келиши мүмкүн. Демек, мындай учурда аялдар токтоосуз жардам алышы керек.

Зордукка кабылган аялдар кыска мөөнөттү болобу, же узак мөөнөттүбү психолигиялык жактан жабыркайт. Андыктан, алар атайын адистердин жардамына муктаж.