Компьютердин ылдамдыгын кантип жогорулатыш керек?

Сүрөттүн автордук укугу THINKSTOCK

Сиздин компьютердин ылдамдыгын кантип жогорулатыш керек? Эң жөнөкөй беш кеңеш.

"Бул эмне ботом, жакында эле сатып албадым беле” деп кыжырданган учурларыңыз болсо керек. Чынында сатып алганыңызга беш-алты жыл өтүп кеткен. "Эмнеге мынча кеч ачылып жатат” деп чачын жулгандар да жок эмес. Эгер сиз IT боюнча эксперт болбосоңуз, анда сиз компьютерди көйнөк алмаштыргандан да тез алмаштырганды туура көрөсүз. Биз силердеги PCнын же Мактын иштөө жөндөмдүүлүгүн артыруунун эң жөнөкөй жолдорун айтабыз. Буга силердин компьютер боюнча билимиңер деле маанилүү эмес.

1) Катуу дискти дефрагментациялоо

Балким сиз бул сөз эмнени туюндурарын деле аңдап билбесеңиз керек. Анда таң калганыңыз жөндүү анткени бул процесс компьютердин иштөөсүн жакшыртат. Дефрагментация файлдарды окууну, алмаштырууну ылдамдатып, керексиз маалыматтарды өчүрөт. Учурдагы эң заманбап делген катуу дисктер дагы мезгилдин өтүшү менен ылдамдыгы жайлап, такала баштайт. Буга кандай абалда файлдар сакталганы себеп. Өчүрүлгөн жана көчүрүлгөн файлдар алар көп учурда фрагменттерге бөлүнүп, дисктин ар кайсыл бөлүгүндө сакталат. Бул албетте файлдарга кирүүгө ыңгайсыздыктарды жаратат. Мындай абалдан чыгуу өтө эле оңой. Бул үчүн, Microsoft Windows 8.1 үчүн Smart Defrag 3, ал эми OS X үчүн Apple компаниясынан iDefrag программасын алса болот. Мындай жол менен маалыматтарды бөлүштүрүү сиздин дисктеги бир топ орундарды бошотот. Ошондой эле компьютериңиз жеңил иштеп калат.

2. Керексиз файлдарды өчүрүңүз

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Биздин күндөрдө катуу дискте толук орун калбай калганга чейин, 200 Гб чейин файлдарды сактоо кадимки көрүнүш. Анда канчалык орун аз калса, ошончолук башка операцияларды аткаруусу жайлап калат. Сиздин дискте көптөн бери сакталып турган эски файлдар бар. Бирок алар өтө баалуу орунду ээлеп алышкан. Аларды аныктоочу программаларды орнотуш телефонго бирдеме көчүрүп алганга караганда оңой жумуш. Алар РС үчүн да Мактар үчүн дүкөндөрдө сатылат. Биринчиден пайдалуу программа бул SpaceSniffer же WinDirStat сыяктуулар болушу керек. Бул программалар дискте кайсыл файл чоң орунду ээлеп турганын аныктайт. Эгер сиз Макта иштесеңиз Finder программасын издеңиз. Бул программа компьютердеги сакталган маалыматтардын баарын көргөнгө мүмкүнчүлүк берет. Сиз өзүңүздүн файлдарды туура жайгаштырып, дисктеги болгон материалдардын баарын иргеп, керексизин өчүрүп салганга мүмкүнчүлүк аласыз.

3. Файлдарды автоматтык түрдө койо берүүнү колдонбоңуз

Бул компьютердин ылдамдыгын жогорулатуунун эң жөнөкөй түрү. Сиз компьютериңизге автоматтык түрдө койо берилген программаларды кылдат карап чыгыңыз. Керексиздери болсо алардын ишин токтотуңуз. Муну Макта болсо Activity Manager, РСда болсо Task Manager программалары менен ишке ашырса болот. Макинтошто System Preferences аркылуу Users and Groups дегенге барып сиз токтоткуңуз келген программаларды басып койосуз. PCда болсо Autoruns деген бекер программаны колдоносуз. Бул автоматтык түрдө программаларды койо берген системага жооп берет.

4. Вирустардан жана зыяндуу программалардан арылыңыз

Көптөр антивирус программасы жок деле компьютерди иштетсе болот деп эсептешет. Айрыкча эски компьютерлерде алар көбүрөөк орун ээлеп, процессордун да кубаттуулугун алат деп айтышат. Бирок сиз өтө мыкты адис болбогондон кийин коргонгонуңуз туура болот го, антивирус орнотушуңуз керек. Антивирус программаларын тандоодо көп программалар бар Microsoft Security Essentials, Panda Cloud жана Avira. PC үчүн мындай програмамлар өтө көп санда. Apple программалары вируска каршы жакшы иштейт деген имиш-имиштерге карабастан, эгер сиздин Мактын иштөөсү оорлошуп баштаса, анда коркпой эле Avast же Sophos сыяктуу бекер антивирустарды орнотуп алганыңыз оң болот.

5. Веб-тиркемелер менен иштөө

Microsoft Office программаларынын пакетин көчүрүп, орноштуруу менен убара тарткандын эмне кереги бар? Керектүү программалардын тиркемелерин Google Docs, Adobe’s Buzzword, Zoho же Peepel сервистери аркылуу эле колдоносо болот. Заманбап веб-тиркемелер браузердин түрүнө карабастан документ менен иштөөдө бардык тапшырмаларды аткарат. Муну менен эки пайдалуу утушта болосуз. Биринчиден, алар компьютердин өтө аз сандагы рессурстарын алат, экинчиси катуу дискте орун ээлеп турбайт.