Барак Обама: Биз исламга эмес, экстремизмге каршы күрөшүп жатабыз

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Барак Обама: "Адам укуктарын бузган өкмөттөр экстремисттердин чырагына май тамызууда».

АКШнын президенти Барак Обама АКШ ислам менен эмес, аны бурмалап жаманатты кылгандар менен күрөшүп жатат деп билдирди.

Обама экстремизге каршы күрөшкө арналган саммитте сүйлөп жатып, кандай гана дин болбосун ал өзүнүн жактоочуларынын кылган кылмыштарына жооп бербей турганын баса белгиледи.

"Биз ислам менен согушкан жокпуз. Биз исламды ириткендер менен согушуп жатабыз ", - деди АКШнын президенти.

Обама ошондой эле "Ислам мамлекетинин» лидерлерин жана аларга окшогондорду диний ишмерлер эмес, террористтер деп атады.

Россия да чакырылды

Үч күндүк конференцияга алтымыштан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Вашингтонго Париждин мэри Анна Идальго да келди, бул шаар жакында эле экстремисттер Charlie Hebdo журналына кол салып, адамдарды барымтага алган окуя менен дүйнөгө дүң болгон эле.

Мамдепартаменттин өкүлү Джен Псаки билдиргендей, ушул жумада өлкөлөрдүн ортосундагы мамиленин аябай чыңалып турганына карабастан экстремизм маселесин талкуулап жаткан конференцияга ФСБнын (Коопсуздук боюнча Федералдык кызмат) директору Александр Бортников да келмекчи.

Псаки Украинадагы конфликт сыяктуу башка тармактарда ажырым көз караштар болуп жатканына карабастан, Россия менен АКШнын террорго каршы күрөштө кызыкчылыгы бир экенин белгиледи.

Айтмакчы, Евробиримдиктин санкциялары салынган тизмеде Бортников да бар, бирок Вашингтон ага каршы эч кандай физалык же финансылык чектөө киргизген эмес.

АКШнын маалыматы боюнча Сирияда «Ислам мамлекети» аталган күчтөрдүн катарында жана башка экстремисттик топтордун ичинде жүз өлкөдөн 20 миң согушкер жүрөт.

«Дүйнө жакшы жолду табыш керек»

АКШ «Ислам мамлекетине» абадан соккуларды уруп, Иракка жардам берүү үчүн түзүлгөн коалициянын башында турат.

Бирок экстремизмге каршы күрөш жалаң гана аскердик күч менен жеңүү мүмкүн эмес экенин шаршембиде Барак Обама баса белгиледи.

Жергиликтүү коомдор дагы өзүнүн сөзүн айтууга тийиш, анткени алар биринчи кезекте террорчулардын бутасы болуп калууда, дейт америкалык лидер.

Саммиттин алдында Los Angeles Times газетасында экстремизм коркунучуна арналган программалык макаласын жарыялады.

«Аль-Каида» жана «Ислам мамлекети» сыяктуу күчтөр адамдардын турмушун жакшыртууга тоскоол болгон коррупция жана адилетсиздикке болгон нааразылыгын пайдаланууда,-деп жазат Обама.- Дүйнө жаштарга башка бир жакшы жолду сунуш кылышы керек. Адам укуктарын бузган өкмөттөр экстремисттердин чырагына май тамызууда».