Индиялык колукту жигитин чанды

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Индиялык колукту турмушка чыга турган жигитинин талма оорусу бар экенин билгенде, аны чанып башкага баш кошуп алды.

Үйлөнүү той болуп жаткан учурда колукту турмушка чыгып жаткан жигиттен баш тартып, тойго келген коноктордун бирөөсүнө турмушка чыккан. Келиндин өмүрлүк жарын күтүүсүз алмаштыруусуна жигиттин талмасы кармап, кулап түшүүсү себеп болду.

Тойго келген коноктордун айтымында, 25 жаштагы Жугал Кишори үлпөт тойдун эң маанилүү учурунда, көптөгөн коноктордун көз алдында жерге кулаган.

Жугал Кишори үйлөнө турган кызына, анын үй-бүлөсүнө талма оорусу бар экенин айткан эмес. Тою башталганда жерге кулап түшүп, аны ооруканага алып кеткенден кийин, ачууланган колукту башкага турмушка чыгуу чечимине келген.

Кыз келген конокторду карап чыгып, үлпөт тойго жигит тараптан келген коноктордун бирине баш кошуу сунушун айтканда, шашкалактаган жигит да дароо макулдугун берген.

Болочок күйөөсүн кыска убакта алмаштыруу Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатындагы Рампуре шаарында болду.

Бул укмуштуудай окуя The Times of India гезитинде кенен чагылдырылган.

Ооруканада өзүнө келген Кишори досторунун жана туугандарынын шылдыңынан коркуп, Индиранын ага кайтуусун өтүнгөн. Бирок Индира жаңы кабыл алган чeчимин өзгөрткөн эмес.

Жергиликтүү полиция жетекчиси Рам Хилади Соланкинин Би-Би-Сиге билдиришинче, жолу болбой калган жигит жана анын туугандары колуктунун үй-бүлөсүн күнөөлөп полицияга арыз менен кайрылган.

«Бирок анын колуктусу башкага турмушка чыгып алса, менин колумдан эмне келет?», - деди полиция кызматкери.

Ал кошумчалагандай, үй-бүлөлөр көйгөйлөрүн өздөрү чечиши керек жана арыз кайтарылды.