Украина БУУдан тынчтык аскерлерин сурайт

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Порошенко мурдараак украин аскерлеринин 80 пайызы Донецк облусунун Дебальцево шаарынан чыгып кеткенин айткан

Украинанын президенти Петро Порошенко Бириккен улуттар уюмунун тынчтык миссиясын чакырат.

Шаршембиде Украинанын коопсуздук жана коргоо кеңешининин жыйынында президент Киевдин көз карашында, алар үчүн эң жакшы тынчтык аскери Евробиримдиктин полициялык миссиясы болоорун билдирди.

Порошенко мурдараак украин аскерлеринин 80 пайызы Донецк облусунун Дебальцево шаарынан чыгып кеткенин айткан. Ал жерде акыркы күндөрү уруш күчөгөн болчу.

Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) атайын миссиясынын Украинадагы өкүлү Майкл Боцюркив миссиянын өкүлдөрү Дебальцевого кире албай жатканын билдирди. Ал жикчилдердин Минск келишимин бузуу аракети жөнсүз деди.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны чыгыш Украинадагы жикчилдерге жардамды токтотууга дагы чакырды.

Ал Ригада өткөн Евробиримдиктин коргоо министрлеринин жолугушуусунда сүйлөп жатып, «Орусия жикчилдерге оор техника, заманбап курал-жарак, аскер жана аларды окутуу менен көмөктөшүүдө» деди. Анын айтымында, кагылышуу болгон райондорго ЕККУнун байкоочуларынын кирүүсүнө шарт түзбөй жатышат.

Ал арада украин армиясына каршы согушуп жаткан өзүн «Донецк эл республикасы» атаган аймак Дебальцевону толугу менен көзөмөлүнө алганын жарыялады. Жикчилдер чегинген украин аскерлери көп техникаларын калтырып кеткенин айтышты.