Жылаңач аялдарды тартууга кыныккан раввин

Раввин алгач жылаңач аялдарды видеого тарткандыгы тууралуу алты фактыны мойнуна алган эле. Киийин анын үйүнөн дагы көптөгөн жазуулар табылган. Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Раввин алгач жылаңач аялдарды видеого тарткандыгы тууралуу алты фактыны мойнуна алган эле. Киийин анын үйүнөн дагы көптөгөн жазуулар табылган.

АКШдагы белгилүү раввин аялдардын тазалануу ырым-жырымы учурун жашыруун түрдө видего тартып жүргөнүн мойнуна алды.

63-жыштагы Барри Френдель Вашингтондогу синагогдо 150дөй аялдын сууга түшүп жатканын тартып алган. Алардын ичинен 52 факты боюнча өзүнө тагылган айыптарды кабыл алды.

Ерейлерде “миквах” деп аталган бул диний жөрөлгөнүн жүрүшүндө аялдар кийимдерин чечип сууга түшөт. Прокурорлор раввинге абак жазасын берүүнү сурашууда. Сот өкүмү май айында угузулат.

Тергөө органдары раввин жашыруун түрдө видеого тарткан аялдардын саны буга чейин белгилүү болгондон алда канча көп болуп калышы мүмкүн деп эсептешет.

Раввин Барри Френдель 2014-жылдын октябрь айында абакка алынганга чейин АКШнын баш калаасынын Жоржтаун аймагындагы Кешер Израиль синагогунда 25 жыл кызмат өтөгөн.

Ал синагог менен кызматташкан кишилердин бири жуунуп тазалануу бөлмөсүнөн жашыруун камераларды таап алганда кармалган. Камералар радио кабылдагычы бар электрондук сааттын ичине катылганы белгилүү болгон.

Френдель синагогдогу раввин кызматынан токтоосуз бошотулган эле. Бул синагогго азыркы каржы министри Жек Лью, мурдагы сенатор Жо Либерман сыяктуу Вашингтондогу саясий элита байма-бай келип турат.

Раввин алгач жылаңач аялдарды видеого тарткандыгы тууралуу алты фактыны мойнуна алган эле. Киийин анын үйүнөн дагы көптөгөн жазуулар табылган.

“Биз аны адамдардын жеке жашоосуна кийилигишкен жана моралдык зыян келтирген деген айыптар менен абак жазасына кесилишин талап кылабыз”, - деди прокурор Рональд Мейчен.

Барри Френдель буга чейин анык болгон 150 видео жазуунун бардыгы боюнча жоопкерчиликке тартылбай калышы ыктымал. Себеби, алардын көбүнүн тергөө мөөнөтү өтүп кеткени айтылууда.