Австралия жарандык мыйзамдарын катаалдаштырат

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Тони Эбботт: "Террор коркунучу ичтен да, сырттан да күчөдү".

Австралия терроризм коркунучтарына каршы күрөштүн жаңы стратегиясынын алкагында жарандык мыйзамдарын кайра карап, катаалдаштырганы жатканын премьер-министри Тони Эботт билдирди.

Премьердин айтымында, террордук иштерге катышы бар адамдардын кош жарандыгы убактылуу токтотулуп же биротоло жоюлушу мүмкүн.

Австралияда төрөлгөн жарандар дагы эгер терроризмге каршы күрөш жөнүндө мыйзамды бузса, анда алар дагы артыкчылык укуктарынан ажырашы ыктымал.

Бийлик өкүлдөрү өлкөдө коопсуздугуна коркунуч күчөп жатканын, коркунуч биринчи кезекте радикал исламисттерден келип жатканын айтышууда.

Алардын жүйөөсүндө ондогон австралиялык жарандар Иракта жана Сирияда «Ислам мамлекети» аталган күчтөрдүн катарында согушуп жатканын жана алардын көбү Австралияга эртеби-кечпи кайтып келип, террордук иштерди тымызын жүргүзүшү реалдуу коркунуч болууда.

Жекшембиде сүйлөгөн сөзүндө Эботт декабрда Сиднейде кафеде болгон террордук окуяны эске салды. Өткөн жылдын декабрь ортосунда Сидней шаарында белгисиз бир же бир нече куралчан адам кафедеги адамдарды барымтага алып, аларды бошотуу үчүн антитеррордук операция өткөрүлгөн эле. Кафени басып алган согушкерлердин бири Мэн Харон Монис “Ислам мамлекетинин” тарапкери экенин айткан.

"Террордук коркунуч өлкөнүн ичинде да, сыртында күчөп жатат, аларга каршы согушуу барган сайын кыйын болуп баратат,-деди премьер-министр. -Биз телевизордун экрандарынан жана газеталардан Сирия менен Ирактын көп бөлүгүн ээлеп алган жаңы кара ниет күчтөрдү көрүп атабыз. Динге жамынып алып, адамдардын башын алып, топ-топ кылып атып же дарга асып жаткандарын көрүп жатабыз".

Жекшембиде сүйлөгөн сөзүндө, Элботт Австралия айрым адам эркиндиктери менен өлкө коопсуздугун ортосундагы чекти кайрадан карап чыгууга туура келерин эскертти.