Греция экономикалык реформалардын планын Брюсселге көрсөтөт

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Грециянын өкмөтү өлкөдөгү экономикалык кырдаалды жакшыртууга багытталган реформалардын планын Брюсселге көрсөтүшү керек.

Грек бийликтери менен Евробиримдиктин өлкөлөрү өткөн жума күнү Грецияга экономикалык жардам берүү программасынын азыркы этабынын мөөнөтүн дагы төрт айга чейин узартуу жөнүндө бүтүмгө келишти.

Анын шарттары боюнча Грециянын өкмөтү реформалык иштердин планын иштеп чыгат, ал план эл аралык кредиторлордун тобу тарабынан каралууга тийиш.

Андагы грек өкмөтү кабыл ала турган негизги чаралардын бири - коррупция менен күрөшүү жана салык саясатын катаалдаштыруу.