Оскар-2015: "Бердмэн" мыкты тасма аталды

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Жулиана Мур "!Дагы эле Элис" тасмасындагы ролу үчүн биринчи жолу мыкты актриса аталып, Оскар сыйлыгын алды.

АКШнын Киноакадемиясынын 87-жолу тапшырылган "Оскар" сыйлыгы өз ээлерин тапты.

Комедия жана драма жанрындагы "Бердмэн" аттуу фильм мыкты тасма баштаган төрт сыйлыкка ээ болду. Фильмди тарткан Алехандро Гонсалес Иньярриту “Эң мыкты режиссер” наамына ээ болду. Аталган тасма “Эң мыкты сценарий” жана “Эң мыкты операторлук иш” жаатында да жеңүүчү аталды.

Мыкты актер сыйлыгын "Бардык нерсенин теориясы" аттуу фильмдин башкы каарманын аткарган британиялык Эдди Редмэйн алса, "Баягы Элис" тасмасында рол жараткан Жулиана Мур мыкты актриса аталды.

Экинчи пландагы мыкты актриса сыйлыгын «Өспүрүм чак» фильминде ойногон Патриция Аркетт жеңди. Бир сезондо көп сыйлык, анын ичинде “Алтын глобусту” алган Аркеттин бул – Оскардагы алгачкы номинациясы.

АКШнын киноакадемиясы экинчи пландагы мыкты актёр деп Жек Симмонсту тапты. Ал консерваториядагы талапты катуу койгон барабан мугалимдин ролун аткарган.

Британиялык Матт Киркби жана Жеймс Лукас кыска метраждуу жандуу фильмдердин сыйлыгын алды.

Сүрөттүн автордук укугу f

Чет тилдеги эң мыкты фильм деп – Польшанын кара ак түстөгү үй-бүлөлүк драмасы “Ида” табылды. Орусиянын кино тармагы күтүп жаткандай, алардын “Левиафан” тасмасына бул сыйлык берилген жок.

Кыска метраждуу документалдык фильмдердин арасынан мыкты деп Эллен Гусенберг Кенттин «Ардагерлер үчүн ишеним телефону» тасмасы табылды. Ал ардагерлерге 24 саат телефондон жардам көрсөткөн консультант тууралуу.

Үндүн монтажы боюнча «Снайпер» сыйланды.

«Гранд Будапешт мейманканасы» фильми костюмдар, чач жана макияж жасалгалары үчүн сыйлыкты алды.

Көптөгөн атаандаштарга карабай, Джулиана Мур "Дагы эле Элис" тасмасындагы ролу үчүн "мыкты актриса" номинациясын алып, Оскар сыйлыгына биринчи жолу татыктуу болду.

Америкалык киноакадемиянын сыйлыктарын тапшыруу аземи Лос-Анжелесте өтүүдө.