Путин: Украина менен согуш чыгышы күмөндүү

Сүрөттүн автордук укугу AP

Орусиянын президенти Путин бул тууралуу орус каналдарынын бирине берген интервьюсунда билдирди.

Ал жакында Минскте кабыл алынган ок чыгарбоо келишими чыгыш Украинаны стабилдештирүүнүн эң жакшы жолу экенин кошумчалады.

Украина орус аскерлери дале Украинада согушуп жатканын билдирүүдө. Путин бул жалган экенин бир нече жолу кайталады.

Мурдараак украин аскерлери козголоңчулардын катуу аткылоосу аларды оор курал-жарактарын таштап согуш чөлкөмүнөн чыгып кетүүгө аргасыз кылганын айтышкан.

12-февралдагы ок чыгарбоо боюнча макулдашуудан бери биринчи берген интервьюсунда Путинден “чыгыш Украинадагы кырдаалды эске алганда, чыныгы согуш болуп кетиши мүмкүнбү”, деп сурашты.

Ал “мен андай кыямат сценарийдин болушу күмөн деп ойлойм жана эч качан болбойт деп үмүттөнөм”, деди.

Путин эгер “Минск макулдашуусу аткарылса, чыгыш Украина акырындан стабилдешип кетмек. Европа да Орусия сыяктуу муну каалабайт. Европанын бир четинде согуш болушун, айрыкча куралдуу согушту эч ким каалабайт”, - деп кошумчалады.

Путин ошондой эле БУУнун коопсуздук кеңеши колдогондон кийин Минск макулдашуусу эл аралык укуктук документ болуп калганын да билдирди.

Өткөн аптада козголоңчулар Дебальцеводогу стратегиялык маанилүү унаа хабын колго алганда бул Минск келишими коркунучта калды.

Эки тараптын тең артиллериясын жана танктарын атышуу майданынан алып чыгууга эки аптасы бар. Алар апта соңунда тезинен оор курал-жарактарын алып кетүүгө макул болушкан.

Бирок дүйшөмбүдө Украина аскерлери козголоңчулар урушту токтотпогонун, мындан улам оор курал-жаракты алып кетүүгө мүмкүн болбогонун билдиришти.

Козголоңчулар Орусиянын Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө чейин чыгаары күтүлгөн эмес.