Немцовду акыркы сапарга узатуу аяктады

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Москвада атып өлтүрүлгөн оппозициялык саясатчы Борис Немцовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты аяктады. Белгилүү саясатчы менен коштошууга келгендердин кезеги бир чакырымдай созулуп, көптөрү гүл коюуга жетишпей калган.

Тажыя көптөгөн кишилердин аны узартып туруу суранычына карабастан, Немцовдун туугандарынын өтүнүчү менен аяктаганы айтылган.

Орус бийликтери Немцовду акыркы сапарга узатууга келген айрым чет элдиктерди да чектегени кабарланууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Мисалы, польшалык саясатчыга виза берилген эмес, Латвиянын парламент депутаты Москванын аэропортунан артка кайтарылган. Оппозициялык ишмер Алексей Навальныйдын абактан убактылуу бошотуу өтүнүчүн четке кагышкан.

Маркумду акыркы сапарга узатууга катышкан белгилүү ишмерлердин арасында Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельциндин аялы жана кызы Наина Ельцина менен Татьяна Юмашева, саясатчылар жана коомдук ишмерлер - Ирина Хакамада, Никита Белых, Григорий Явлинский, Владимир Рыжков, Генри Резник, Михаил Прохоров, Михаил Абызовдор бар.

Ал эми чет элдик өкүлдөрдөн АКШнын элчиси Джон Тефт жана Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Джон Мейджордун аты аталууда.

Немцовдун сөөгү шейшемби күнү Троекуровск көрүстөнүнө коюлмакчы.