Йеменде кимдер согушуп жатат?

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Соңку айларда Йемендеги бир катар топтордун өз-ара чыр-чатагы, өлкөнү атуулдук согуш коркунучуна алып келди. Негизги кармаш президент Абдураббу Мансур Хади менен хуситтер деп таанылган шийит согушкерлеринин ортосунда жүрүп жатат. Йемендин коопсуздук күчтөрү да жиктелген.

Алардын айырымдары президент Хадини жактайт. Калгандары хуситтер менен мурдагы президент Абдулла Салехтин тобуна кошулуп кеткен.

Хадини өлкөнүн түштүгүндө өздөрүн “Каршылык көрсөтүү комитети” деп атаган суннилер менен уруу башчылары колдошот. Февраль айында Хуситтер баш калаа Санааны басып алган. Эми негизги порт шаар Аденди ээлеп алуу алдында турат.

Согушка мындан тышкары кандай топтор катышып жатат?

Йемен жаңжалына Араб жарым аралындагы Аль-Каида тобунун салымы да бар. Бул уюм Йемендин азыркы жана мурдагы эки президентине тең каршылык көрсөтүүдө. Аль-Каида түштүк жана түштүк чыгыштагы бир катар аймактарга сокку урган.

Сүрөттүн автордук укугу AP

2014-жылдын соңунда Йеменде “Ислам мамлекети” тобунун баш көтөргөнү абалды ансайын ырбатты. Президент Хадинин өкмөтүн Сауд Арабиясы, Иордания, Египед, Морокко, Пакистан жана Судан баштаган беш өлкөнүн коалициялык күчтөрү колдоого алууда.

Эл аралык коомчулук Йемендеги чатакка эмне үчүн кабатыр?

Йемендеги болуп жаткан окуялар бүтүндөй чөлкөмгө таасир тийгизет. Бул кармаш шийиттерди колдогон Иран менен суннилер башкарган Сауд Арабиясы ортосундагы тирешүүнүн белгиси. Араб өлкөлөрү хуситтерди Иран колдоого алып жатат деп айыптоодо. Иран муну мойнуна албай жатат.

Йеменде Батыш өлкөлөрүнүн да кызыкчлыгы чоң. Батыштын чалгын кызматтары Араб жарым аралындагы аль-Каида уюгун глобалдык деңгээлдеги коркунуч деп тааныган.

Кырдаал кандайча көзөмөлдөн чыгып кетти?

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Хуситтер бир нече айлардын ичинде өлкөдөгү таасирин күчөттү. Январь айында алар парламентти таркатып, беш кишиден турган президенттик кеңешти куруу планын жарыялашкан. Алардын айтымында, бул орган өлкөнү эки жыл башкармак. Андан мурдараак өкмөт мүчөлөрү кызматан кетирилген эле.

Убакыттан пайдаланып, хуситтер президент Хадини үй камагына алып, өлкөнүн башка таасирдүү саясатчыларын да камашкан. Анткени менен хусттер өлкөнүн түндүк аймагындагы шийит азчылыгын түзөт. Алардын бийлигин сунни уруу башчылары менен түштүктөгү лидерлер тааныган эмес.

Эл аралык коомчулук тарабынан мыйзамдуу өлө башчысы деп саналган Хади үй камактан качып чыгып, Аденге баш калкалайт. Хуситтер жаңы баш калаа деп жарыяланган бул шаарга да кирип келгенде президент Сауд Арабиясына чыгып кетүүгө аргасыз болгон.