Испания: ашпозчу 48 жылга абакка кесилди

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, бул эркек ашпозчу көп жылдардан бери алкоголизмди дарылоо максатында тамакка дары-дармекти кошуп жүргөн

Испаниянын маалымат агенттиктери кабарлагандай, Хихон шаарындагы кафе-бардын биринде иштеген ашпозчу өзүнүн кесиптештерин тамак берип, уулантууга аракет кылган деп айтыпталып, 48 жылга эркинен ажыратылды.

Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, бул эркек ашпозчу көп жылдардан бери алкоголизмди дарылоо максатында тамакка дары-дармекти кошуп жүргөн.

Бул дары спирт ичимдиги менен аралашканда адамдын ден соолугуна олуттуу таасир бериши мүмкүн деп айтылууда. Бул жол менен ашпозчу өзүнүн кесиптештерин жумуштан кетирүүгө мажбур кылган деп тергөөчүлөр божомолдошууда.

57 жаштагы соттолуп жаткан ашпозчу өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган жок же четкен каккан жок. Ал дарыны шаардагы дарыканалардын биринен сатып алганын айтууда.

Эми бул киши түрмөдө жазасын өтөп жатып, жабыр таркандарга 43,6 миң евро компенсация төлөп бериши керек.