Сеул: Түндүк Кореянын коргоо министри “сый көрсөтпөгөнү” үчүн атылды

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Түштүк Кореянын чалгынчылары Түндүк Кореяда коргоо министри атылганын, ага өлкө башчысы Ким Чен Ынды сыйлабаганы себеп болгонун билдиришүүдө.

Түштүк Кореянын Йонхал жаңылыктар агенттиги чалгынчыларга шилтеме жасап билдиргендей, Хён Ён Чхоль апрелдин аягында зенит артиллериялык куралы менен элдин көзүнчө, жүздөгөн мамлекеттик чиновниктердин адында атылган.

Маалыматтарга караганда, коргоо тармагынын башчысы Ким Чен Ын катышкан аскердик иш-чарада уктап кеткен жана аны менен сөз талашып, айтышкан.

Пхеньяндан көз карандысыз булактардан демейде маалыматты тактоо кыйын. Бирок Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы Стивен Эванс билдиргендей, бул окуяны ырастоо же четке кагуу оңой. Эгерде коргоо министринин өлүмгө буюртулганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбесе, ал эл алдына чыгат.

Мурдараак Сеул Түштүк Кореянын бийлиги 2015-жылдын башынан бери 15 кишини өлүмгө буйрулганын билдирген. Алардын бири өлкөнүн токой чарбасын өнүктүрүү боюнча планын сындаган министр орун басары болчу.

2013-жылдын декабрында Түштүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Кытай менен сүйлөшүүлөргө жооптуу болгон жана экономикалык реформаларды жактаган таекеси атылганы кабарланган болчу.

Йонхал агенттигинин билдирүүсүнө караганда, бул өлкөдө орточо аптасына бир жолу мамлекеттик чиновник атылат.