Тажик полковниги "ИМге" кошулганын жарыялады

Image caption Полковник Гулмурод Халимов.

Тажик ички иштер министринин атайын даярдалган аскерлеринин командири, полковник Гулмурод Халимов “Ислам мамлекетине” кошулганы кабарланууда.

Жогорку даражадагы расмий 23-апрелден бери жумушка чыкпай, дайынсыз жоголуп кеткен. Бүгүн Гулмурод Халимов социалдык тармактар аркылуу видеосун жарыялап, “Ислам мамлекетине” кошулганын белгилеген.

Бул аймактан жүздөгөн тургундар Сирияга багыт алганы айтылууда. Бирок биринчи жолу аймактагы жогорку даражадагы расмийлердин бири "Ислам мамлекетине" кошулууда. Би-Би-Си Дүйшөмбү шаарындагы көзкарандысыз журналист Мардон Мухаммедди кепке тартып, бул окуя тастыкталдыбы деп суроо жолдоду?

Мардон Мухаммед: Тажикстандын ички иштер министри Рамазан Рахимзода жана өлкөнүн башка расмийлери полковник Гулмурад Халимов Түркия аркылуу Сирияга өткөнү тууралуу маалыматы жок экенин билдиришти. Алардын айтымында мурдагы полковник каякта экени белгисиз, бирок, ал чет өлкөдө жүргөнүн ырасташты. Өткөн шаршемби күнү парламентте өлкөдөгү коопсуздук маселелер талкууга алынып, экстремисттерге каршы күрөш тууралуу да сөз болгон. Анда өлкөнүн ички иштер министрине полковник Гулмурад Халимов жөнүндө суроо жолдошкон. Ал кайрадан маалыматым жок деп айтып, бирок, башка бир олуттуу информация менен бөлүшкөн. Министр экстермисттик "Ислам мамлекети" тобуна кошулуп, Сирия жана Иракта согушуп жүргөн тажиктердин саны 386га чыкканын билдирген. Мурун бул сан 200дүн тегерегинде болчу.

Би-Би-Си: Гулмурад Халимов тажик коомунда белгилүү адамбы?

Мардон Мухаммед: Полковник Гулмурад Халимов президенттин баласынын мурунку жан сакчысы жана аны Тажикстандын эң мыкты снайпери деп айтышууда. Ал Тажикстанда белгилүү адам. Полковник ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы аскерлери - ОМОНдун командири болчу. Ошондой эле ал Бадахшан, Рашт жана өлкөнүн башка аймактарында криминалдык топторго каршы аскерий операцияларды да башкарган.

Би-Би-Си: Медиа каражаттардын көбү полковник Гулмурод Халимов көптөгөн сыйлыктарды алып, өлкөнүн бийлигине жакын киши экенин маалымдап жатышат. Ал видео кайрылуусунда эмне себептен "Ислам мамлекетине" кошулганын билдирдиби?

Сүрөттүн автордук укугу YOU TUBE
Image caption Полковник Гулмурод Халимовдун видеосу "Ютуб" жана "Одноклассники" сыяктуу социалдык тармактарда жарыяланган.

Мардон Мухаммед: Полковниктин видео кайрылуусу "Ютуб" жана "Одноклассники" сыяктуу социалдык тармактарда жарыяланган. Мен бул видеону көргөн жокмун, себеби Тажикстанда "Ютуб" ачылбайт. Бирок мен уккан маалыматтарга ылайык, ал Тажикстандын ички иштер министрлигинин саясатын сындап, өлкөдө намаз окууга жана мусулманча кийинүүгө тыюу салынганын айткан. Ошондой эле ал өз ыктыяры менен "Ислам мамлекети" тобуна кошулганын, өзү менен кошо экстремисттик топко 10 тажик жараны келгенин маалымдап, азыр Сирияда жүргөнүн билдирген.

Би-Би-Си: Социалдык тармактарда "Ислам мамлекети" тобу полковник Халимов сыяктуу адамдар аркылуу Борбор Азияга кол салат деп айтышууда. Бул маалыматтар канчалык жүйөлүү?

Мардон Мухаммед: Бул жаңы тактика эмес. Экстремисттик топтор негизинен "бешинчи колоннаны" колдонуп келишет. Алар өлкөнүн ичиндеги атуулдар. Мисалы Сирияда жүргөн дээрлик 400 жарандарды "Ислам мамлекети" тобу кийин колдонушу мүмкүн.