Apple: соода өтүмдүү, бирок акциялар төмөн

Сүрөттүн автордук укугу THINKSTOCK
Image caption Апрель-июнь айларында 47,5 млн "айфон" сатылган. Бул өткөн жылкы үчүнчү кварталга караганда 35% көп.

Америкалык Apple корпорациясынын үчүнчү кварталга кирешеси 38 пайызга чейин өсүп, 10,5 млрд долларга чейин пайда көрүп жатканы айтылганы менен акциялары төмөндөдү.

Аналитиктер Apple акцияларынын 6,7 пайыздан (же 8,85 доллар) 121,89 долларга чейин арзандап кетишин, компаниянын негизги кирешеси iPhone продукциясын сатуудан эле пайда көрүп жатканы менен түшүндүрүүдө.

Кварталдык чыгашасы 3 млрд долларды түзгөн Microsoft корпорациясынын да акциялары арзандады. Компания Nokia менен болгон байланышынан улам чыгашага учурады деп айтылып жатат.

Apple компаниясынын жетекчиси Тим Кук, акциялар төмөндөгөн көрүнүшкө карабастан үчүнчү квартал компания үчүн ийгиликтүү болду деди. Апрель-июнь айларында 47,5 млн "айфон" сатылган. Бул өткөн жылкы үчүнчү кварталга караганда 35% көп. Мас компьютерлерин сатуу 9% жогору болгон.

Компания Кытай рыногунда ийгиликке жетүүдө. Тагыраагы Кытай, Гонконг, Тайванда өтүмдүү болуп жатат. Бул өлкөлөрдө өткөн жылга салыштырмалуу Apple продукциялары эки эсеге көп сатылган.