Орусияда “Ислам мамлекети” согушкерлерине кошулуу коркунучу

19 жаштагы студент кыз Варвара Караулова июнь айынын башында жоголуп кетип, Түркиянын Сирия менен чектешкен аймагындагы Килис шаарында кармалган жана өз өлкөсүнө кайтарылган. Сүрөттүн автордук укугу GETTY IMAGES
Image caption 19 жаштагы студент кыз Варвара Караулова июнь айынын башында жоголуп кетип, Түркиянын Сирия менен чектешкен аймагындагы Килис шаарында кармалган жана өз өлкөсүнө кайтарылган.

Орусиянын тергөө органдары өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган топко кошулууга аракет кылган МГУнун студенти Варвара Карауловага каршы кылмыш ишин козгобой турган болду.

Мындан мурдараак студент кыз мыйзамсыз согушкер топко кошулууга аракет кылган деген шек менен жоопкерчиликке тартылаары айтылып жаткан. Бирок Караулованын адвокаттары аны айыпталуучу катары эмес, азгыруу жолу менен экстремисттик топко тартылышы мүмкүн болгон жабырлануучу катары кароону суранышкан.

Студент кыздын окуясы Орусия барган сайын "Ислам мамлекети" тобунун катарын толуктаган эң негизги өлкөлөрдүн бирине айланып бара жаткан жокпу? - деген суроолорду пайда кылууда.

Университеттен Сирияга

19 жаштагы студент кыз Варвара Караулова июнь айынын башында жоголуп кетип, Түркиянын Сирия менен чектешкен аймагындагы Килис шаарында кармалган жана өз өлкөсүнө кайтарылган.

Ал чек аранын аркы өйүзүндөгү "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлерине бараткан деп шектелген. Студенттин ата-энеси ал соңку мезгилдери катуу өзгөрүп кеткенин байкаган. Үйүнөн жөнөкөй кийинип чыгып, университетке жеңи узун көйнөктөр менен барып жүргөнү адаттан тыш болгон.

Караулованын окуясы Орусияны селт эттиргендей болду. Орус телеканалдарында студент жөнүндө жана анын туугандары тууралуу чагылдыруу айрым бир учурларда президент Путинге бөлүнгөн эфирден да ашып кеткени айтылууда.

Радикал студенттер көбөйдү

Андан көп өтпөй Орусиядагы жогорку окуу жайлардан дагы бир катар студенттер дайынсыз жоголуп, Сирияга кеткен болушу ыктымал деп божомолдонуп жатат. Алардын аты-жөнү ачыкка чыга элек.

Алардын тагдыры учурда туугандары үчүн дагы, бийликтер үчүн белгисиз бойдон калууда. Жакында эле "Ислам мамлекети" тобу Түндүк Кавказда өздөрүнүн бөлүмүн ачканын жарыялаган.

Сүрөттүн автордук укугу ISIS

Орусиядан Сириядагы согушка тартылгандардын катарында Кавказ улутундагылар - дагестандыктар, чечендер, ошондой эле Орусияда миграцияда жүргөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн атуулдары бар деп божомолдонот.

Анткени менен соңку кабарлар Орусиянын башка аймактары дагы бул маселеден четте калбаганын көрсөтүүдө. Расмий маалыматтарга караганда, Орусиядан Сириядагы согушка тартылгандардын саны 2200 кишиге жеткен болушу ыктымал. Бул өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топтун жалпы согушкерлеринин дээрлик 8 пайызын түзөт.

Орус тили экстремисттердин үчүнчү тили

Андан тышкары, "Ислам мамлекети" тобу колдонуп жаткан араб жана англис тилинен кийинки үчүнчү тил орус тили болуп жатканы айтылууда. Буга ачык далилдер дагы бар. Мисалы, жыл багынан бери "Ислам мамлекети" тобу орус тилиндеги пропаганданы күчөткөнү байкалат.

Март айында "Аль-Баян" аттуу радио орус тилинде уктурула баштады. Май айында "Фурат Пресс" аттуу журнал жарык көрдү. Кийинчирээк "Исток" аттуу журнал орус тилинде жана башка тилдерде чыга баштады.

Москвадагы Карнеги борборунун "Дин, коом жана коопсуздук" долбоорунун башчысы Алексей Малашенко: "Орус тили мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү фундаменталисттерди бириктирген каражат болуп калууда. Араб тилин үйрөнүү алар үчүн кыйын. Ал эми орус тилин баары түшүнөт", - деди.