“Ислам мамлекетинде” эки миңдей россиялык бар

Image caption Июнь айынын башында Сирияга жөнөп кетип, Сирия менен Түркиянын чек арасынан кармалып келген МГУнун студенти Варвара Караулованын окуясы чоң резонанс жаратты.

Россиянын улуттар боюнча федералдык агенттигинин баамында “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик күчтөрдүн катарындагы согушкерлерге кошулган Россиянын жарандары эки миңди чамалап калды.

Бул жөнүндө аталган агенттиктин жетекчиси Игорь Баринов “Коммерсанть” газетасына берген маегинде айткан.

Бариновдун сөзүнө караганда, ал жетектеген агенттик атайын кызматтар жана Башкы прокуратура менен сайттар менен ЖМКлардагы экстремисттик жана террористтик көз караштарды оперативдүү аныктай турган жана ага бөгөт кое турган системаны иштеп чыгууда.

Федералдык коопсуздук кызматы мындан мурда россиялыктар “ИМдин” согушкерлеринин сегиз пайызын түзөт деген баасын билдирген эле.

Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев июнда исламмчыл согушкерлердин катарында Россиянын миңден ашык жараны согушуп жүргөнүн, алардын катарына барып жаткандардын агымын токтотуу мүмкүн болбой жатканын айткан болчу.

Июнь айынын башында Сирияга жөнөп кетип, Сирия менен Түркиянын чек арасынан кармалып келген МГУнун студенти Варвара Караулованын окуясы чоң резонанс жаратты. Караулова менен бирген Сириядагы исламчыларга кошулуу үчүн бараткан дагы он бир орус жараны кармалган эле.