Австрия качкындарга чек араны кайра жаап коюшу мүмкүн

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Австрия миңдеген мигранттардын Венгриядан өтүп барышына мүмкүндүк берген чек арадан өтүүнүн жеңилдетилген жол-жобосун бара-бара жоюну пландаштырып жатканын федералдык канцлер Варнер Файмен билдирди.

Өткөн дем алыш күндөрү жеңилдетилген шарттар түзүлгөн үчүн миңдеген мигранттар Австриянын чек арасынан өтүп, кээ бир ошол өлкөдө калды, башкасы Германияга жол алышты.

"Биз кыйын абалда турган 12 миң адамга жардам бердик. Эми биз чукул абалдан акырын чыгып нормалдуу режимге өтүүнү башташыбыз керек”,-деа айтылат канцлердин билдирүүсүндө.

Германия менен Венгриянын бийликтери дагы билдирүү менен чыгып, Европалык Биримдиктин эрежелерине каршы келгенине карабай миңдеген мигранттарды Австрия-Венгрия чек арасынан өткөрүү чечими прецедент мүнөзүндө болбой турганын айтышты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Австрияга барган мигранттардын көбү андан ары Германияга кетип жатышат.

Көпчүлүк мигранттар барып жаткан Германия качкындарды кабыл алууга анын даярдыгы чектелүү экенин жана андан кыянат пайдаланбоо керектигин эскертти.

Мындан кийин эки өлкө тең Евробиримдиктин эрежесин кармана турган болушууда, ага ылайык мигранттар биримдиктеги биринчи кирген өлкөдө качкын макамын алуу үчүн катталууга тийиш.

Германиянын ички иштер министри мигранттарды кабыл алуу чечими соңку күндөрү эрежеден сырткары чыккан убактылуу чара болгонун билдирди. Анын сөзүнө караганда, мигранттар биримдиктин биринчи эле өлкөсүнөн баш паанек сурашы жөнүндөгү Евробиримдиктин эрежелери күчүндө турат.

Ал аңгыча Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн ортосунда олуттуу ажырым көз караштар болуп жаткан учурда БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Антонио Гутерьес эгерде ЕБ өлкөлөрү бирдиктүү план иштесе кризисти жойсо болот деп деп билдирди.

Венгриянын бийликтери жекшембиде Сербия менен чек арадагы Росзке кыштагында мигранттар үчүн жаңы лагерь ачышты. Жаңы эле келген жүздөгөн адамдарды полицрия ушул жакка жиберди.

Би-Би-Синин кабарчысы Джеймс Рейнольд билдиргендей, алардын көбү абдан тынчсызданып жатышат, анткени формалдуу процедуралар канча убакыт алары белгисиз.