АКШ «ИМ» химиялык курал колдонууда деп шектенүүдө

Сүрөттүн автордук укугу GETTY IMAGES

АКШнын бийликтери «Ислам мамлекети» аталган экстремисттик күчтөрдүн согушкерлери Сирия менен Ирактын аймагында химиялык курал колдонуп жатат деп шек саноодо.

Америкалык чалгын Сирия-Ирак чек арасынын эки тарабында тең иприт газы колдонулган төрт учурду каттаган. Бул жөнүндө Би-Би-Сиге өзүнүн атын ачыктаганды каалабаган америкалык мамлекеттик кызматкер билдирди.

Иприт талкан түрүндө болот, ага жардыруучу заттар кошулат. Горчица газы тыюу салынган химиялык курал болуп саналат жана терини жаралап, көздү сокур кылып коюшу жана дем алууну кыйындатышы мүмкүн.

Америкалык бийликтер тыюу салынган химиялык куралдарды согушкерлер өздөрү жасап жаткан болушу мүмкүн деп жатышат.

Химиялык куралдарды колдонду деген айыптоолор мындан мурун Башар Асаддын режиминин армиясына жана ага каршы согушуп жаткан күчтөргө да коюлган эле.

Өткөн жылдын аягында БУУнун эксперттери 2014-жылы Сирияда үч калктуу пунктта хлор химиялык курал катарында колдонулган болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.

Азыркы учурда Ирак менен Сириянын чек арасында жүргөн Би-Би-Синин кабарчысы Иэн Пэннел химиялык куралдын колдонулган далилдерин жана андан жабыркаган адамдарды көргөнүн айтууда.

2013-жылы сириялык бийликтер БУУнун кепилдиги астында ууландыруучу куралдардын арсеналын бүт жоготуу үчүн өткөрүп бергенден кийин бул өлкөдө химиялык куралдар калбоого тийиш эле.

2014-жылы июнда химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун эксперттери Сириядан бардык химиялык куралдар чыгарылганы жөнүндө отчет беришкен.