Россиянын канаттуу ракеталары Иранга түштүбү?

Сүрөттүн автордук укугу Russian Defence Ministry

Америкалык өкмөттүк булактар Каспий деӊизинин акваториясынан чыккан россиялык канаттуу ракеталар Сирияга мээленген менен Ирандын аймагына барып түштү деп билдирүүдө.

Ошол эле учурда алар кимге кандай зыян алып келгени же конкреттүү кай жерге барып түшкөнү так айтылбайт.

АКШнын мамдепартаменти америкалык ММКда чыккан маалыматтарды ырастоодон баш тартты.

Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков россиялык канаттуу ракеталардын Ирандын аймагына кулаганы жөнүндө маалыматтарды четке какты.

"Си-эн-энден айырмаланып биз анонимдүү булактарга таянып айтпайбыз, биздин ракеталардын чыкканын жана алар тийген буталарды реалдуу убакыттын режиминде көрсөтүп жатабыз»,-деди Конашенков.

"Баарын айта албайм, бирок бул тармактагы профессионал мындай операция жасалып жатканда бутага алынган жер соккур урулардан мурда да, кийин да катталарын билет. Андан сырткары, Сириянын үстүнөн биздин учкусуз учуучу аппараттардын тобу сутка бою иштеп жатат», - Россиянын аскердик мекемесинин өкүлү.

Консервативдүү Ирандын ММКлары Иранга түшүп жаткан ракеталар жөнүндө маалыматты «АКШнын Москвага каршы психологиялык өнөктүгү» катары карап жатышат.

"Россия Сирияда согуштук операция баштагандан бери Батыштын ММКлары жана расмий өкүлдөрү Москвага тийиштик кылып сүйлөп жатышат», - деп билдирди Fars маалымат агенттиги.

Россия өз кезегинде Сириянын түндүгү менен түндүк-батышына мээленген 26 канаттуу ракеталарды учурганын, ошол эле учурда алардын баары бутага тийгенин билдирүүдө.

Ал аӊгыча НАТО Россиянын Сириядагы согуштук аракеттеринен өзүнүн союздаштарын коргоо боюнча милдеттерин аткара турганын дагы бир ырастады.