Париждеги кол салууда кеминде 120 киши мерт болду

Эң көп өлүм Батаклан театрынын концерттик залында орун алды. Тактала элек маалыматтарга караганда, концерттин айрым көрүүчүлөрүн куралчандар барымтага алгандан кийин атып өлтүрүшкөн. Франциянын медиасы бул жерде кеминде жүз киши өлгөнүн кабарлоодо. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Эң көп өлүм Батаклан театрынын концерттик залында орун алды. Тактала элек маалыматтарга караганда, концерттин айрым көрүүчүлөрүн куралчандар барымтага алгандан кийин атып өлтүрүшкөн. Франциянын медиасы бул жерде кеминде жүз киши өлгөнүн кабарлоодо.

Франция кеминде 120 кишинин өлүмүнө алып келген кол салуулардан кийин өзгөчө кырдаал абалын жарыялады, чек ара өтмөктөрүнө чектөөлөрдү киргизди.

Париждин чок ортосундагы Батаклан театрындагы жардыруу жана атышууларда бери дегенде жүз киши мерт болгону айтылып жатат.

Куралчан кишилер театрга келгендерди барымтага алышкан. Полиция аларды атып өлтүргөн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Стад де Франс стадионунун жанындагы дагы бир кол салууда жанкечти бомбачы өзүн-өзү жардырып жибергени айтылууда. Андан тышкары шаардын ортосундагы ресторанга кол салуу болгон.

Бул жерде куралчандардын бешөө өлтүрүлгөнү кабарланды.

Париждин жашоочуларын көчөгө чыкпоого чакырышты. Күч органдарынын бир жарым миңдей кызматкерлери шаардын ар кайсыл райондорунда коопсуздукту сактоого тартылды.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Эң көп өлүм Батаклан театрынын концерттик залында орун алды. Тактала элек маалыматтарга караганда, концерттин айрым көрүүчүлөрүн куралчандар барымтага алгандан кийин атып өлтүрүшкөн. Франциянын медиасы бул жерде кеминде жүз киши өлгөнүн кабарлоодо.

Театрга Франциянын президенти Франсуа Олланд келип, “кол салгандар аёосуз жазаланат” деп билдирди. Концерттик залда кеминде төрт куралчан өлтүрүлгөнү айтылууда.

Кол салуу болгон жерлер

  • Батаклан театры, Вольтер бульвары 50, 11-округ – барымта окуясы
  • Стад де Франс стадионунун жаны, Сен-Дени, Париждин түндүгү – Франция менен Германия футболчулары достук беттешүүсүн өткөрүп жаткан кезде жардыруу болгон
  • Le Carillon бары, Алибер көчөсү 18, 10-округ – куралчан кол салуу
  • La Belle Equipе, Шаронн көчөсү 92, 11-округ – куралчан кол салуу
  • Le Petit Cambodge рестораны, Алибер көчөсү 20, 10-округ – куралчан кол салуу
  • La Casa Nostra рестораны, ла Фонтейн көчөсү 2, 11-округ – куралчан кол салуу

Жума күнү кечинде дээрлик арт-артынан жасалган кол салуулардын эң кандуусу Батаклан театрындагы атышуулар болду. 1500 орундуу театрда америкалык рок группанын концертин көрүүгө келгендерди барымтага алып, аткылашкан.

Көрүүчүлөрдү ыраймсыздык менен аткылашты

Окуяга күбө болгон француз радиосунун кабарчысы башынан өткөндөрүн “үрөй учурган он минут” деп мүнөздөгөн.

Си-эн-эн телеканалына берген интервьюсунда ал: “Бул кыргын болду. Кара кийимчен кишилер автомат менен көрүүчүлөрдү аткылай баштады. Элдер кыйкырып, баштарын жерге катып он минут турбай жатышты. Үрөй учурган 10 минут болду”, - деди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Театрга Франциянын президенти Франсуа Олланд келип, “кол салгандар аёосуз жазаланат” деп билдирди.

Анын айтымында, куралчандар суук кандуу жана шашылбай аракеттеништи. Автоматтарды үч-төрт жолу кайра-кайра октоп, элге карай атып жатканда үн чыгарышкан да, сүйлөгөн да эмес.

Бир сааттын ичинде концерттик залга Франциянын коопсуздук күчтөрү кирип келишкен. Кол салгандардын төртөө тең өлтүрүлгөн. Үчөө өзүн-өзү жардырып жиберген, бирөө атып өлтүрүлгөн.

Олланд оюн учурунда эвакуацияланды

Париждин түндүгүндөгү Стад де Франс стадионунда 80 миң көрүүчү, анын ичинде президент Франсуа Олланд Германия менен Франция футболчуларынын достук беттешүүсүн көрүп жатышкан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Стадиондун тышында эки жардыруунун үнү угулгандан кийин президент эвакуацияланып, өкмөттүн чукул жыйнын өткөрүүгө кеткен. Бул жерде кол салгандардын үчөө өлтүрүлгөнү айтылууда.

Стадиондогу оюнга күбө болгон Винсент аттуу журналист Libération гезитине берген интервьюсунда жардыруулардын үнү угулгандан кийин деле оюн уланып жатканын айтып берди.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

“Биринчи таймда катуу жардыруунун үнүн уктук. Андан кийинки жардыруунун үнү жайыраак болду. Үстүбүздөн вертолеттор учуп жүрдү. Оюн эч нерсе болбогондой уланып жатты. Бирок биз эмне болуп жатканын Твиттер аркылуу билип турдук. Олландды эвакуациялашыптыр, биз аны көргөн эмеспиз. Акыркы ышкырыктан кийин элдин баары оюн талаасына чыгып алышты. Сыртта эмне болуп жатканын көптөрү билген эмес, - деди журналист.

Кол салуунун артында кимдер турганы азырынча так белгилүү эмес. Батаклан театрындагы күбөлөрдүн бири кол салгандар өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топту колдогондой сөздөрдү айтты деп белдирген.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Франциянын AFP агенттиги: “Кол салгандардын бири бул Олландын күнөөсү. Ал Сирияга кийилигишпеши керек болчу деп кыйкырган” деп кабарлады. Франциянын президенти Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна каршы Батыш өлкөлөрүнүн аба чабуулдарын колдогон эле.

Париж 2015-жылдын январь айында да экстремисттик топтордун үч күндүк кол салууларына кабылган. Анда “Шарли Эбдо” журналы, жөөттөрдүн супермаркети жана полиция кызматкери бутага алынып, 18 адам өлгөн.