Париж чабуулунун уюштуруучусу өлтүрүлдү

Би-Би-Си кабарчылары Франция жана Бельгияда издөө салынган адам кантип Сириядан Францияга чейин келип, Парижде кол салуу уюштурганга чейин эч бир тарапка байкалган эмес? – деп суроо салышууда. Сүрөттүн автордук укугу
Image caption Би-Би-Си кабарчылары Франция жана Бельгияда издөө салынган адам кантип Сириядан Францияга чейин келип, Парижде кол салуу уюштурганга чейин эч бир тарапка байкалган эмес? – деп суроо салышууда.

Париждеги чабуулдарды уюштурган деп шектелген Абдельхамид Абауд шаршемби күнкү атайын операция учурунда өлтүрүлгөнү тастыкталды. Бирок, кабарчылар бул кишинин артында көптөгөн суроолор жоопсуз калганын белгилеп жатышат.

Франциянын Ички иштер министри Бернар Казнёвдун айтымында, Абауддун өздүгү 18-ноябрда Сен-Дени районундагы операция учурунда өлгөн шектүүлөрдүн калдыктарын иликтөө аркылуу такталган.

“Абауд Франция аймагында пландаштырылган кеминде төрт теракт менен байланышы бар”, - деп эсептейт министр.

Андан тышкары, француз өкүлү Абауд Сирияга барып, “Ислам мамлекети” тобунун катарында согушканы белгилүү болгонуна карабастан, бир дагы Европа өлкөсү бул адамдын алардын чек арасынан өткөнү тууралуу Франциянын атайын кызматтарына кабар берген эмес деп айтууда.

“16-ноябрда гана Европадан тышкаркы бир өлкө Абауддун Греция аймагында жүргөнү катталганын билдирген”, - деп кошумчалады Казнёв. Мындан мурдараак Парижге кол салуучулардын бирөө Европага Греция аркылуу качкындар менен чогуу өтүп кеткени кабарланган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Франциянын расмийлери Абауддун өздүгүн бармак издери аркылуу аныктады.

Франциянын Ички иштер министри буга байланыштуу Европа өлкөлөрүн чек арадагы коопсуздук көзөмөлүн күчөтүүгө чакырды.

Абдельхамид Абауд – теги марокколук Бельгия атуулу. Ал Брюсселдин Моленбек районундагы араб коомчулугунун арасында жашаган.

2010-жылы ал издөөдө жүргөн дагы бир шектүү Салах Абдислам менен бирге куралчан каракчылык үчүн Бельгиянын түрмөсүндө олтуруп чыккан. Өткөн жума күнкү чабуулдарда кеминде 129 киши каза таап, 300дөн ашууну жарадар болгон. Куралчандар ресторандар, барлар, стадион жана концерттик залда жөнөкөй тургундарды бутага алышкан.

Абауд атайын кызматтарга Париждеги чабуулдун уюштуруучусу катары эле эмес, ушул жылдын август айында Амстердамдан Парижге багыт алган поездге кол салуу аракетинин артында турган деп шектелген.

Image caption Абдельхамид Абауд – теги марокколук Бельгия атуулу. Ал Брюсселдин Моленбек районундагы араб коомчулугунун арасында жашаган.

Би-Би-Си кабарчылары Франция жана Бельгияда издөө салынган адам кантип Сириядан Францияга чейин келип, Парижде кол салуу уюштурганга чейин эч бир тарапка байкалган эмес? – деп суроо салышууда.