Тажикстан: 500 киши зилзаладан улам эвакуацияланды

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption 7-декабрда болгон жер титирөөдө Тоолуу-Бадахшанда эки киши каза таап, кеминде он беш киши жаракат алган эле. Жердин силкинүүсү 7-8 балл болгону айтылган

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Рушан районундагы Бартанг өрөөнүндө жашаган 500 киши башка жайга убактылуу көчүрүлдү. Бул аймак 7-декабрда болгон жер титирөөдөн катуу жабыр тарткан. Аларды убактылуу район борборуна жайгаштырышууда.

«Зилзаладан кимдин турак-жайы урап калган болсо ошол бүлөөлөр убактылуу чыгарылды. Азыр бул тоолуу аймакта суук түштү, жаңы турак үйлөрдү курууга мүмкүн эмес. Жабыр тарткандарды мектеп-интернаттарына жайгаштырып жатабыз. Алар кышты ушул жерде өткөрүшөт. Андан соң аларга жер тилкелери бөлүнүп, курулуш материалдары берилет», -деп билдирди Би-би-сиге Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун өкүлү Нилуфар Асламшоева.

Аймакта куткаруу иштери улантылып жатат. Бартанг кыштагына тик учак аркылуу 11 тонна азык-түлүк, зарыл болгон керектүү буюм-тайымдар, медикаменттер жеткирилген. Кырсыктын жалпы чыгымдары болжолу 4 млн доллар деп эсептелүүдө.

Бартангда аба ырайы минус 15-18 градус суук. Бул аба ырайы баш калкасы жок калган кишилер үчүн кооптуу деп айтылууда. Электр энергиясы улам үзгүлтүүкө учурап жатат. Мобилдик байланыш иштебей турат.

7-декабрда болгон жер титирөөдө Тоолуу-Бадахшанда эки киши каза таап, кеминде он беш киши жаракат алган эле. Жердин силкинүүсү 7-8 балл болгону айтылган. Рушандын калк жашаган Гудар, Нисор, Барчид, Басид, Рухчи аймактарында 200 турак-жай катуу жабыркап, 500 турак үйдө майда жаракалар болгону маалымдалган эле. (AbA)