Литвиненко Путиндин буйругу менен өлтүрүлгөнбү?

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Лондон шаарында мурунку орус тыңчысынын ууландырылышы боюнча коомдук тергөө аны өлтүрүүнү президент Путин жактаган болушу мүмкүн деген тыянак жасады.

Британияга келгенден кийин Путинди катуу сынга алган Александр Литвиненко 2006-жылы полоний-210 затына ууланып каза тапкан.

Билдирүү орус бийлигиндегилер Литвиненкону жок кылууга эмнеге кызыккандыгын баса көрсөткөн. Литвиненконун жашыруун кызматтын ишмердиги тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарышы, анын Британ чалгындоо кызматы менен мамилеси жана Путин менен жеке мамилесиндеги тирешүүлөр негизги себептер катары айтылат.

Бул билдирүүгө жооп кылып Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Литвиннеко боюнча тергөө "саясатташтырылган" деп маалымдады.

Жаңыдан Британиянын жараны болуп, мамлекеттик MI6 чалгын кызматы менен иштеп баштаган Литвиненконун өлүмү, өлкөдө чоң жаңылык жараткан.

Улуу Британиянын коопсуздук кызматынын терроризмге каршы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Питер Кларк: “Буга чейин Британиянын жараны Лондон шаарында радиоактивдүү полоний менен ууландырылган окуялар болгон эмес. Тергөө учурунда көп сабак алдык”, -деп билдирген.

Британиянын коопсуздук кызматынын иликтөөсү Литвиненкону Орусиянын чалгын кызматынын өкүлдөрү Андрей Луговой жана Дмитрий Ковтун ууландырган деп маалымдаган.

Андрей Литвиненко Лондондун түндүгүндө жерге берилген.