Пьер Бурдье жыйырманчы кылымдын эң белгилүү социологу

Image caption Бурдье өмүрүнүн көп бөлүгүн Парижде илимге жумшады

Пьер Бурдье ХХ кылымдын талашсыз эң белгилүү социологу жана эмгектери социологияга, антропологияга, лингвистикага жана философияга, жалпысынан социалдык теорияларга таасир этип келаткан окумуштуу.

1930-жылы Франциянын Дангенинде төрөлгөн Бурдье Париждеги белгилүү Нормалдуу жогорку мектепте окуган. Париждеги окуусунан кийин айылдык мектепте сабак берет. Андан соң 1956-жылы Алжирге кетип, француз армиясында эки жыл кызмат өтөгөндөн кийин дагы эки жыл калып, маалымат чогултуп, изилдөөлөрдү жасаган. 1960-жылы кайткандан кийин өмүрүнүн көп бөлүгүн Парижде илимге жумшады. Ал жерде HautesÉtudes ÉcolePratique изилдөөсүн жана Франция колледжинин социология кафедрасын башкарган.

Алжирде өткөргөн мезгили анын мурунку жана кийинки эмгегине катуу таасир эткен, мисалы, ал 1977-жылдагы "Практиканын теориясы" тууралуу эмгегинде даана байкалат. Алжирдеги этнографиялык изилдөөсү көбүнесе жергиликтүү процесстерге, социалдык мамилелерге көз чаптыруу жана коомдун чоңураак маселелерин чечүү үчүн бул практикалардын мазмуну тууралуу ой жүгүртүү болуп эсептелет. Мисалы, жергиликтүү үйлөрдүн жарык же караңгы, эркектердики жана аялдардыкы, бийик жана жапыз болуп бөлүнүүсүнүн маанисин изилдейт. Ушул тажрыйбалардан улам анын теория менен практикага кызыгуусу пайда болот. Бурдьенин байкоо жүргүзүүсүнө ал адамдар ичинен эч ким чек койгон эмес. Изилдөө жүргүзүү – бул изилдөөчү катары өзүңө да байкоо жүргүзүү болуп эсептелет. Изилдөөдөгү бул процесстер теорияга да, практикага да негиздөөнү талап кылган. Экөө дайыма чогуу болуш керек.

Ал учурдан бери Бурдье ошондой эле түзүлүштөр (айтылган үйлөр өңдүү) менен социалдык жүрүм-турум арасындагы татаал мамилелерди да изилдейт. Бул социалдык түзүлүштөр, экономикалык абалыбыз, жашыбыз жана жынысыбыз социалдык жүрүм-турумубузду изилдөө дегенди түшүндүрөт. Бурдье адамдар өз жүрүм-турумун тандоого мүмкүнчүлүгү бар, ошол эле учурда алар чоң түзүлүштөрдөн таасирленет дейт.

Бурдьенин узак академиялык карьерасында ал токтолгон башка маанилүү темалар – классификация (башкача айтканда коомдун түзүлүүсү) жана социалдык өндүрүмдүүлүк (анын маңызы жана өзгөрүүсү). Бул жерде бийликке байланыштуу темалар жана ар башка социалдык класстардын арасындагы теңсиздик тууралуу сөз болуп жатат. Көп китеби бар үй-бүлөдө чоңойгон, престиждүү эсептелген тилде сүйлөгөн, ата-энеси билимдүү, театрга көп барган бала бул шарттары жок балага караганда ийгиликтүү жана күчтүү болот, муну Бурдье “маданий борбор калаа” деп атайт. Ушул сыяктуу “экономикалык борбор калаа” (финансылык ресурстар), “социалдык борбор калаа” (жеке байланыштарга жана мамилелерге негизделген ресурс) жана “символдук борбор калаа” (бирөөнүн аброюна негизделген) бар. Булардын баары адамдын коомдогу ордун салыштырмалуу бардар же жупунураак деп аныктайт. Бул борбор калаа идеялары дүйнөнүн баарында ар мааниде колдонулат, ошондой эле Борбор Азиядагы бийлик жана теңсиздик тууралуу ой жүгүртүүгө жардам берет.

Бурдье ар мезгилде жана ар жердеги коомдун кантип түзүлгөнүн түшүнүү үчүн бир катар түшүнүктөрдү пайда кылган. Алардын эң белгилүүсү Бурдьенин карьерасынын башында пайда болуп, акыр аягына чейин маанисин жоготпогон габитус түшүнүгү. Габитус түзүлүштөрдүн тармагы. Жашообузда ар кандай тажрыйба, окуяларыбыз болгон үчүн ар бирибиз өзүнчө габитуспуз. Габитус биз төрөлгөндө толтуруп баштап, өмур бою толтурган социалдык чемодан сыяктуу. Эмне менен толтурарыбыз биздин тажрыйбабызга жана ал тажрыйбаны кандай чечмелегенибизге көз каранды. Габитус сырттан кирген сыяктуу ичтен кайра чыгып да тургандыктан, башкача айтканда интернализация (сырттан ичти көздөй) жана экстернализация (ичтен сыртка карай) болуп эки процесстен тургандыктан убакыттын ар мезгилинде же ар башка мааниде ал чемодан бирдей кала бербейт. Бул габитус түзүлгөн жана түзүү дегенди билдирет. Түзүлгөн анткени, коом габитустун мүнөзүнөн көз каранды жана түзүү анткени, жеке адамдар социалдык жүрүм-турумун алар жүргөн жерге ылайыкташтырат. Коом эмне үчүн бир калыпта кармалып турганын жана убакыттын өтүшү менен өзгөрүлгөнүн түшүндүргөн ушул фактор.

Бул талкуунун негизги маңызы бийлик жана үстөмдүк кылуу маселелери. Эч бир жүрүм-турум табиятынан башка бир жүрүм-турумдан жакшы болуп эсептелбейт. Коомдогу түшүнүктөр, макулдашуу эмне жаман же жакшы, болот же болбойт дегенди көбүрөөк аныктайт. Институттар жана адамдар ал эрежелерди бузса коом тең салмактуулугун жоготот. Айрымдар башкаларга караганда көбүрөөк бийликке ээ жана бул илимдин рамкасына кирбеген натыйжаларга алып келет. Андан сырткары бул макулдашуулардын түшүндүрмөсү жок, ал өзүнөн өзү ошондой болуш керек дегендей калыптанган, муну Бурдье “докса” деп атайт. Бул шек жаратып талкууга алынбайт дегенди түшүндүрөт. Мисалы, мен Тажикистанда тажик тили жалгыз расмий тил болуш керектигине ишенсем, ал жактагы азчылыкты түзгөн калктар үчүн бул адилеттүү же адилетсиз экени тууралуу ойлонбойм дагы. Мен ар бир киши тажикче сүйлөй алат жана колдоно алат деп күтүп, тажик тилине башка тилдерге салыштырмалуу өзгөчө маани берген системаны эмес ал тилде сүйлөбөгөндөрдү күнөөлөп, сынга алам.

Бурдьенин бул түшүнүктөрү бүгүнкү күнү илимде гана калбастан жашоодогу сөз эркиндиги жана оюн билдирүү укуктарынын маанисин белгилеп жатат. Бул ой жүгүртүүлөр географиялык бир чөйрө үчүн гана эмес, буткүл дүйнө үчүн ушундай, ошондой эле Борбор Азияга да тиешелүү. (AK)