АКШда Зиканын жыныстык жол менен жугарын изилдешүүдө

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору Зиканын жыныстык жол менен жукканы мүмкүн болгон он төрт учурду изилдеп жатат.

Алардын ичинде вируска чалдыккан кош бойлуу аялдар да бар экени айтылууда.

Федералдык агенттик (CDC) Зиканын жыныстык жол менен жайылышынын алдын алуу боюнча тийиштүү инструкция иштеп чыккан.

АКШда өлкөдөн эч жакка чыкпай эле жүргөн, бирок чет өлкөдө болуп келген жаран менен жыныстык катнашта болгон адамдан Зика вирусу чыккандан кийин, мамлекеттик тийиштүү уюмдар Зика жыныстык жол менен дагы жугат экен деп сактанып калышкан.

Зика вирусу көп катталган региондордогу эркектерди агенттик презерватив колдонууга, ал эми аялдарды кош бойлуу учурда жыныстык байланыштан баш тартууга чакырууда.

CDC аялдар Зика вирусун өздөрүнүн жыныстык түгөйлөрүнө жугузарын так далили жок экенин белгилейт, бирок мындан аркы изилдөөлөрдүн жүрүшүндө бул оорунун табиятын түшүнүүгө мүмкүн болот деп үмүттөнүүдө.

Зика вирусу Латын Америкасынын өлкөлөрүндө тез жайылууда. Эң көп жабыркагандар Бразилияда. Ошондой эле бул оору биринчи катталган учурлар АКШда, Европада, Россияда да болду.

Жалпысынан вирус дүйнөнүн 21 өлкөсүндө табылды.

Ал биринчи жолу 1947-жылы Угандада маймылдарда табылган. Зика жуктурган биринчи адам 1954-жылы Нигерияда катталган.

Ал көп эмес болгондуктан Зика вирусу мурда адам ден-соолугуна өтө кооптуу деп эсептелбейт эле. Бирок ал 2015-жылы майда Брализияда табылды жана тез тарап кетти.

Андан бери Барбадос, Боливия, Колумбия, Доминика Республикасы, Эквадор, Сальвадор, Француз Гвианасы, Гватемала, Гваделупа, Гаити, Гондурас, Мартиника, Мексика, Панама, Парагвай, Пуэрто-Рико, Сен-Мартен, Суринам, Венесуэла өңдүү өлкөлөрдө да бул вирус чыгып жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Зиканын жыйылышын глобалдык коркунуч деп атаган.