Нетаньяху Барак Обама менен жолугушуудан баш тартты

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Барак Обама менен жолугушуудан баш тартты. Израилдин өкмөт башчысына эки апта мурда чакыруу жиберилген, бирок андан расмий түрдө жооп келген жок дейт, Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Нед Прайс.

Прайстын айтымында, Нетаньяху Акүйгө келүү ордуна, АКШга болгон сапарынан баш тарткан.

“Биз эки тараптуу жолугушуу уюштуруу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күткөнбүз. Бирок жакында эле маалымат агенттиктеринен премьер-министрдин биздин чакырууга жооп бербей, АКШ сапарынан баш тартканын окудук”, - деди Прайс.

Нетаньяху АКШга болгон сапарында Америка-Израиль комитети, коомдук байланыштар жөнүндө билдирүү жасамак. Андан тышкары жакынкы аралыкта АКШдан Израилге берилчү аскердик жардам маселеси күн тартибине коюлмак. (ErA)