Миңдеген бразилиялыктар мурунку президенттин өкмөткө келишине каршы

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Бразилиянын бир нече шаарында өлкөнүн мурунку президенти Лула да Сильва азыркы президент Дилма Русеффтин администрация башчысы болуп даярдалышына карата каршылык акциялары өттү. Экс-президент чуулгандуу чоң коррупциялык иште шектелип аны эки жума мурун суракка чакырышкан. Бразилия мыйзамдары боюнча өкмөт мүчөлөрү федералдык сотко эмес, бир гана Жогорку сотко гана чакырыла алат.

Түнү бою президенттик хан сарайдын алдында өлкө борбору Бразизияда жана бир катар башка шаарларда миңдеген бразилиялыктар нааразылыгын билдирип чогулушту. Алар мурунку президент Луис Инасио Лула да Сильванын азыркы президент Дилма Руксеффтин өкмөтүндөгү экинчи адам болуп дайындалышына каршы.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Лула да Сильва өлкөдөгү ири коррупциялык чуулгандуу окуяга катышы бар деп эки жума мурун суракка чакырылган. Эми сынчылардын айтымында, анын чоң кызматка дайындалышы, соттук иликтөөдөн куткаруу аракети.

Мыйзам боюнча аны бир гана Жогорку сот суракка ала алат.

Ал коррупцияга байланышкан айыптоолорду четке кагып, алардын саясий негизи бар деп келет.

Кыжырдануу Бразилия парламентинин төмөнкү палатасына да жетти. Ал жерде кызыл кандуу жыйын болуп, учурдагы президент Русеффти бийликтен чегинсин деген талаптар коюлду.

Учурда Бразилияда саясий кризис. Президент Русеффке импичмент коркунучу бар. Өлкөдө экономикалып абал начар. Экономика акыркы он жылдыктын эң кескин төмөндөөсүн башынан кечирүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу AP

Президент Дилма Русефф мурунку өлкө башчысы Лула жагдайды түзөөгө салымын кошот деп ишенет.

“Кечиресиздер, ал келип кошулат. Ал бизге жардам берет. Биз кайрадан өсүүгө, стабилдүүлүккө жана инфляцияны ооздуктоого бет алабыз”, - деди Дилма Русефф.

Бирок, бразилиялык медиага Лула менен Русефтин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөзү тарап кеткен. Ал сөздө Лула прокурорлордон жана соттон коргоону өтүнгөн.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Жергиликтүү маалымат каражаттарында бул сөздөр көп жолу кайталанган. Өткөн жекшемби күнү миллиондогон бразилиялыктар президент Русеффке нааразы болуп көчөлөргө чыккан.

Бул өлкө тарыхындагы эң ири өкмөткө каршы акция болду. (АВ)