Меркурий Күн бети аркылуу өтөт

Сүрөттүн автордук укугу Science Photo Library

Дүйнөнүн жарымынан көбү дүйшөмбүнүн кечинде Меркурийдин күндүн бети аркылуу өткөнүн көрө алышат. Бул жүз жылда 13-14 ирет гана болуучу астрономиялык кубулуш.

Күн системасындагы эң кичине планета эсептелинген Меркурий Жер менен Күндүн ортосунан өтүүсүн Гринвич боюнча 11:12ден (жана Москва убактысы боюнча 12:12) 18:42ге чейин көрүүгө болот.

Кийинки мындай учурду 2019-жылы жана 2032-жалдары сереп салууга болот.

Меркурийдин күн бетинен өтүүсүн корголбогон күн же дүрбү менен көрүү абдан кооптуу. Деген менен дүйнөдөгү бардык эле астрономиялык коомчулуктардын атайын фильтри бар телескоп менен көрүү мүмкүнчүлгү жок.

Ошондой эле интернет-трансляция аркылуу да бул кубулушту көрүүгө болот. Меркурий күндүн көптөгөн тактарына караганда карараак жана кичинекей кара чекит сыяктуу көрүнөт. Акырындан жылып отуруп чоң сары күндүн бетине чыгып калат.

Меркурийдин Күн бети аркылуу өтүүсүн Батыш Европа, түндүк-батыш Африка жана америкалыктардын көбү көрө алышат.

Ал эми Австралия, Ыраакы Чыгыш жана Антарктикада такыр көрүнбөйт.

Дүйнөнүн калган бөлүгүндө да көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал Күндүн чыгышы жана батышанан көз каранды.

Жер планетасынан үч эсеге кичине келген Меркурийди өтө чоңойтуп көрсөтүүчү аппарат аркылуу гана көрүүгө болот.