Орусияда 3 тонна нефрит аткезчилиги үчүн экинчи кылмыш иши козголду

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Ыраакы Чыгыш бажы кызматы билдиргендей, 2015-жылы 3 тонна жогорку сапаттагы нефритти Кытайга чыгарып кетүүгө аракет кылган адамдарга бажы төлөмүн төлөбөгөндүгү үчүн кылмыш иши козголду.

50 млн рублга бааланган асыл таштын бажы төлөмү 1,3 млн рублди түзөөрүн бажы кызматы билдирди.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, атайын ушул максатта даярдалган кемеде Орусиянын эки жараны баалуу минералды мыйзамсыз алып кетүүгө аракет кылган. Анда салмагы жана башка маалыматтар көрсөтүлгөн он кап табылган. Кытай тилинде да маалыматтар жазылган. Бул жүктөрдүн документтери жок болуп чыккан.

Текшерүүдө иштетиле элек таштар жана өзгөчө баалуу ак нефрит таштары экени аныкталган. Адистердин айтымында, жогорку сапаттагы таштар болгон.

Орусияда нефрит стратегиялык маанилүү ресурстардын катарына кирет. Ыраакы Чыгышка иштетиле элек баалуу таштар Бурятиядан келет. Бул жерде Орусиядагы жогорку сапаттагы нефрит корунун 90 пайызы бар деп эсептелет. (AbK)