Мигранттар кризиси Европаны тополоң-тоз кылышы мүмкүн

Британиянын МИ6 чалгын кызматынын мурдакы башчысы Ричард Диерлав миграцияны ооздуктоо чаралары көрүлбөсө, Европаны «популисттик толкун» коркунучу капташы мүмкүндүгүн билдирди. Ал ошондой эле Европага түрк жарандары үчүн визалык чектөөлөрдү алууга каршы болуп, бул ишти бензинди ачык оттун жанында сактаганга барабар деп салыштырды.

Андан мурда атактуу америкалык киноактриса, БУУнун атайын элчиси макамы бар Анжелина Джоли-Питт качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүү системасы кыйроонун кырында турганын айтты.

Анын айтымында, мигранттар толкунунан корккон өкмөттөр качкындарды чектөө үчүн барган сайын улам катуу чараларды көрүп жатат. Бул билдирүүлөр Би-Би-Синин миграция проблемасына арналган «Кыймылдагы дүйнө» программасында айтылды.

Британ чалгын кызматынын мурдакы башчысынын сөзүнө караганда, Европага келип жаткан мигранттардын эсеби жакынкы беш жылда миллиондоп саналышы ыктымал.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Кырдаалдын шиши толуп турганынын белгилери азыр эле байкалууда, деп эскертет Британиянын чалгын кызматынын мурдакы башчысы.

Бул кризис континенттеги геолсаясий ландшафтын түп-тамырынан бери өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн. Кырдаалдын шиши толуп турганынын белгилери азыр эле байкалууда, деп эскертет Британиянын чалгын кызматынын мурдакы башчысы.

“Эгер Европа биргелешкен аракет менен миграциялык кризисти жеңе аларына элди ишендирбесе, анда Евробиримдик популисттик тополоңдун чаңында калат, анын белгилери азыр эле байкалууда”,-деди ал.

Ал июндун аягында боло турган Британиянын Евробиримдикке мүчөлүгү жөнүндө референдумду ири геосаясий партиянын биринчи жүрүшү деп атады.

Ал эми Евробиримдиктин Түркия менен болгон келишиминдеги Түркиянын мигранттарды көзөмөлгө алганы үчүн Европага визасыз кирүү режимин берүүнүн каралышын коркунучтуу жаңылыштык деп атап, бензин менен өрт өчүрүүгө салыштырды.

Азыркы учурда Түркия менен ЕБ ортосунда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр туюкка кептелди, ага Түркиянын өзүнүн террорго каршы мыйзамдарын өзгөртүүдөн баш тартып жатышы себеп болууда.

Британ чалгын кызматынын мурдакы башчысынын айтымында, Африка өлкөлөрүндө миграциянын себептерин жоюуга Евробиримдик болүп жаткан 1,8 млрд евро аз болсо да, Түркия менен келишимге караганда көп пайда алып келет.

Image caption Анжелина Джоли Би-Би-Си радиосунда сүйлөп жатып, мигранттарга жардам берүү системасын реформалоого чакырды.

Диерлав ошол эле учурда мигранттар үчүн эшикти таптакры жаап коюу да туура эмес деп эсептейт.

«Реалдуу дүйнөдө Джеймс Бонддун стилиндеги сыйкырдуу чечимдер жок,-деди ал. –Адамдардын толкунуна каршылык көрсөтүү мүмкүн эмес, болгону аларды үй-жайынан сыртка азгырып жаткан күчтү жок кылууга аракет кылса гана болот».

Анжелина Джоли Би-Би-Си радиосунда сүйлөп жатып, мигранттарга жардам берүү системасын реформалоого чакырды.

Анжелина Жоли анда мурда радиодогу сөзүндө дүйнөдө азыркы учурда 60 миллион мигрант бар экенин, бул соңку 70 жылда болуп көрбөгөндөй көрсөткүч экенин белгиледи.

"Бул демек, дүйнө жана коопсуздук коркунучта турат дегендик. Азыркы учурда өзүнүн үй-жайын аргасыз таштап кеткен адам орточо алганда жыйырма жыл бою көчүп жүргөн абалда калууда»,-деди Жоли.

Кино жылдыздын айтымында, чыр-чатактардын жана миграциянын масштабы ушунчалык өскөндүктөн качкындарды коргоо жана үйүнө кайтаруу системасы иштебей калды.