"Мрия": узундугу 84 метр учак эмне иш кылат?

«Мрия» деп аталган дүйнөдөгү эң чоң жүк ташуучу учагы Австралияга конду. Аны көрүү үчүн 20 миң киши чогулган.

Сүрөттүн автордук укугу SHUTTERSTOCK

Аны жакшы билген Орусия менен Украинадан башка жакта да уникалдуу учактын тарыхы менен конструкциясы өзгөчө кызыгууларды жаратууда.

АН-225 транспорттук учагы 1984-88-жылдары Советтер Союзунда жасалган. Ал "Буран" деп аталган көп жолу колдонула турган космостук кемени ташып жүрүүгө ылайыкталган.

Бул учак тарыхта жана азыркы күнгө чейин көлөмү жагынан учактардын эң чоңу эсептелет. Учактын тулкусу 84 метр узундукта. Канаттарынын жалпы узундугу 88 метрди түзөт. Учактын жүксүз салмагы 175 тонна.

Учурда мындай учактын бирөө гана аба мейкиндигинде кызмат кылып келатат. Экинчиси курулуп баштаганы менен бүтүшүнүн дайыны жок. Учак украиналык Antonov Airlines компаниясына таандык.

Сүрөттүн автордук укугу Getty

Австралияда аны такыр көрүшкөн эмес эле. Учак Перт шаарына дүйшөмбү күнү чехиялык 117 тонна электр генераторун жеткирүү үчүн учуп келди.

"Ан-225 көпчүлүктүн көзүнө аз эле чалдыгат. Себеби ал өтө чектелген рыноктогу тейлөөлөргө кызмат кылат»,-деди Mott MacDonald Aviation компаниясынын авиациялык стратегиялык бөлүмүнүн директору Лори Прайс.

Ал «рыноктогу 99,5% жүктөрдү ташуу жагын «Boeing 747" учагы ийгиликтүү ишке ашырып келатат» деп кошумчалады.

Ан-225 Киевдеги механикалык заводдо жасалган. 1988-жылы биринчи жолу учуп, бир жылдан кийин пайдаланууга берилген. Мындай учактын бир нечесин жасоо планы болгону менен СССР ыдырагандан кийин колго алынган жок.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Учак 1994-жылы пайдлануудан алынып салып, кайра 2001-жылы абага көтөрүлдү. Табигый кырсыктар болгон аймактарга бир нече жолу жүктөрдү жеткирген. Маселен 2010-жылдагы Гаитидеги зилзаладан кийин, 2011-жылдагы Япониядагы цунамиден кийин жабыр тарткан аймактарга ири көлөмдөгү жүк жеткирип барган.

Бул учак тарыхта жана азыркы күнгө чейин көлөмү жагынан учактарды эң чоңу

Сүрөттүн автордук укугу Getty

Алты моторлуу учак 250 тоннага чейинки жүктөрдү көтөрө алат. Boeing 747-800 абага 140 тонна жүк менен уча алат. Ал эми европалык Airbus 330 учагы болгону 65 тонна жүк көтөрөт.