"Боко Харам" уурдаган кыздардын дагы бирөөcү табылды

Сүрөттүн автордук укугу AFP

"Боко Харам" экстермисттик уюму тарабынан эки жыл мурун уурдалган кыздардын дагы бирөө Нигерияда табылды. Бул тууралуу Нигериянын армиясынын маалыматына шилтеме жасап, Би-би-си кабарчысы Мартин Пэйшенс билдирди.

Кыздын аты жөнү жана кантип бошотулганы тууралуу азырынча айтыла элек.

Мындан мурун Камерун менен чектешкен аймакта 2014-жылы Борно штатында согушкерлердин чабуулунда уурдалган биринчи мектеп окуучусу табылган эле.

19 жаштагы Амина Алини дароо эле өлкө президенти Мохаммад Бухари Абуджадагы резиденциясында кабыл алган.

Image caption Мурда табылган кыз (ары карап турат) президент менен жолуккан

Президент Бухари, секелек кыздар азаптарды көргөнүнө абдан кейий турганын билдирди. Ошондой эле кыздын куткарылганына абдан кубанычта экенин кошумчалады.

"Боко Харамдын" согушкерлери Борно штатындагы мамлекеттик мектепке 2014-жылы 14-апрелде кол салып, эки жүздөн ашуун кызды уурдап кеткен.

Ушул жылдын апрель айында экстремисттер уурдап кеткен кыздар жөнүндө видео чыгарышып, аларды туткундарга алмаштырууну талап кылышкан.

Аталган топтун лидери Абубакар Шекау кыздардын ислам жолуна түшкөнүн белгилеп, аларды өзүнүн согушкерлерине аял кылып алып бериши же кулдукка сатып жибериши мүмкүн экенин билдирген болчу.