Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга келет

Сүрөттүн автордук укугу AP

21-майдын кечинде Бишкекке Кытайдын тышкы иштер министри иш сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Би-Би-Сиге кабарлады.

Министр Ван И Кыргызстанга болгон эки күндүк расмий сапарында президент Алмазбек Атамбаев менен, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуусу күтүлүүдө.

«Алдын ала маалыматтарга караганда, жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги талкууланмакчы. Андан сырткары,эл аралык жана региондор аралык күн тартибинде турган негизги маселелер тууралуу пикир алмашуу болот”, - деп билдирет Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги.

Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстандан сырткары Өзбекстанга жана Казакстанга да барат.

Өзбекстанга болгон иш сапарында Ван И ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынына катышат деп белгиленүүдө