Франция президенти Франсуа Олланд жоголгон учак “кыйраган” – деп билдирди

Сүрөттүн автордук укугу Flightradar24
Image caption Учак Египеттин аба мейкиндигинде 10 миль (16км) учканда радардан жок болгон

Франция президенти Франсуа Олланд Жер ортолук деңиздин үстүнөн жоголгон учак “кыйраган” – деп билдирди. 70 чамалуу адамы бар А-320 учагы, болжол менен Жер ортолук деңиздин үстүнөн жоголуп, азыр аны издөө иштери жүрүп жатат.

Ал бара турган жерине – Каирге бир саат калганда радарлардын бетинен жоголуп кеткен. EgyptAir авиакомпаниясынын жүргүнчү ташыган A -320 учагы Париж-Каир рейсин аткарып келе жаткан.

66 кишиси бар MS -804 рейсин аткарган учак Египеттин аба мейкиндигине киргенден кийин Каирге жетээрине бир саат калганда радарлардан жоголгон. Болжол менен байланыш үзүлгөн учурда А -320 учагы Жер ортолук деңиздин үстүндө учуп бара жаткан.

Учакта 56 жүргүнчү, алардын ичинде үч кичине бала, жети экипаж мүчөсү жана үч коопсуздук кызматкери болгон.

Парижден Каирге келе жаткан учактын жоголгондугу тууралуу биринчи болуп EgyptAir авиакомпаниясы өзү билдирген.

Жургүнчүлөрдүн көпчүлүгүн Египеттиктер менен француздар түзгөн, учакта бир катар Европа жана Африка мамлекеттеринин жарандары да болгон.

Учак менен байланыш үзүлгөн учурда ал 11 миң метр бийиктикте Жер ортолук деңиздин чыгыш бөлүгүндө учуп бара жаткан.

Пилот менен жердеги кызматтар акыркы ирет сүйлөшкөнүндө “эч кандай көйгөй” катталган эмес.

Буга чейин Грециянын авиация расмийлери учак Карпатос грек аралынан 130 миль туштүгүрөөк жерде кулаган деп билдиришкен.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Пилот менен жердеги кызматтар акыркы ирет сүйлөшкөнүндө “эч кандай көйгөй” катталган эмес. Аэропортко А -320 учагынын бортундагы жүргүнчүлөрдүн жакындары чогулууда

Кийинчерээк Франциянын президенти Франсуа Олланд учак кыйраганын билдирди.

Учак Парижден Каирге бара жаткан жана жолдон жоголгону маалым болгон. Ал кыйрады деген коркунучтар да болгон. Тийиштүү министрликтер менен жана Египет бийликтери чогулткан маалыматка ылайык учак кыйраганы билинди жана анын изи табыла элек.

Грециянын жана Египенттин куралдуу күчтөрү учурда издөө иштерин жүргүзүүдө. Франция бул операцияга жардам көрсөтүү үчүн кемелер менен куткаруучу учактарды жөнөттү.

Учакты өндүргөн Airbus концерни өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында 13 жыл болгон учактын жоголгондугун ырастап расмий билдирген.

Учурда учак изделип жана бул террордук чабуул эмеспи? – деген суроолор биринчи орунга чыгууда.

Эгерде террордук чабуул болгон болсо, анда серепчилердин көбү учак учуп чыккан Париждин Шарль де Голь атындагы аэропортуна көңүлдөрүн бурушат. Франциядагы акыркы жыл ичиндеги террордук чабуулдардан кийин көрүлгөн коопсуздук чаралы жетиштүүбү деген суроолор бийликтерге да бериле башташы мүмкүн дешет байкоочулар.