2050-жылдары супербактериядан ар бир үч секунд сайын бир адам көз жумат

Сүрөттүн автордук укугу THINKSTOCK

Антибиотиктерге абдан туруштук бере алчу супербактерия илдетинин алдын албаса, 2050-жылдардан тарта жыл сайын 10 миллиондой киши каза таба баштайт. Бул рак илдетинен көз жумгандардын санынан алда канча ашып түшөт.

Бул тууралуу бир жарым жыл мурда Британиянын тапшырмасы менен иштей баштаган микробдорго каршы атайын иликтөөнүн отчетунда айтылды.

Бул отчет Goldman Sachsтын мурдагы башкы экономисти жана БРИКС термининин автору Джима О'Нилдин жетекчилиги астында даярдалып, докладдын акыркы версиясы кечээ угулду.

О'Нил тезинен антибиотиктин жаңы түрүн ойлоп табууга чакырды. Ошондой эле бул коркунучтуу бактерия туралуу дүйнө жүзүндөгү дарыгерлерден тартып, жөнөкөй тургандарга чейин маалыматы болушу үчүн атайын маалыматтык компания ачууну сунуш кылды.

"Дүйнө акыркы ондогон жылдардан бери антибиотиктин жаңы классын көрө элек",- деп белгилейт ал.

Экономист кейип белгилегендей, антибиотикти момпосуй сыяктуу эле баарына таратып жатышат. Андыктан ал өлүмгө алып келүүчү сальмонелл жана ичеги таякчалары сыяктуу оорулардын бактерияларына шарт түзүп жатат.

Азыртадан баштап эч кандай чара көрүлбөсө, 2050-жылдары супербактериянын айынан жылына 100 трлн доллар өлчөмүндө чыгым болот деп жазылат докладда.

О'Нил бийлик өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдарга учурдагы антибиотиктерди негизсиз колдоно бербөө керектигин айтып, супербактерияга каршы табылган антибиотиктин ар бир жаңы түрү үчүн компанияларга 1млрд доллар төлөп берүүнү сунуштады.